إعدادات العرض
Шайтандардын (сыйынылган буттар) жана ата-бабаңардын аты менен ант ичпегиле
Шайтандардын (сыйынылган буттар) жана ата-бабаңардын аты менен ант ичпегиле
Абдурахман бин Самура (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Шайтандардын (сыйынылган буттар) жана ата-бабаңардын аты менен ант ичпегиле".
[Сахих (ишенимдүү)] [Муслим жазып калтырган]
الترجمة
العربية বাংলা Bosanski English Español فارسی Français Bahasa Indonesia Русский Tagalog Türkçe اردو 中文 हिन्दी ئۇيغۇرچە Kurdî Português සිංහල অসমীয়া Kiswahili አማርኛ ગુજરાતી Tiếng Việt Nederlands Hausa پښتو नेपाली ไทย മലയാളം Românăالشرح
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) таагут-шайтандарга, тагыраак айтканда, мушриктер Аллахтын ордуна сыйынган бардык бут-буркандардын аты менен ант ичүүдөн тыйган. Бул алардын чектен чыгып, каапыр болгону үчүн. Ошондой эле ата-бабаларынын аты менен ант ичүүдөн да тыйган. Жахилият учурунда араптарда мактаныч жана ыйыктоо үчүн аталарынын аты менен ант ичүү адаты болгон.فوائد الحديث
Аллахтын аты менен жана Анын улук ысым сыпаттары менен гана ант ичүүгө болот.
Таагуттун аты менен, ата-бабанын аты менен, башчылардын, бут-айкелдердин аты менен ж.б. батыл нерселер менен ант ичүү арам.
Аллахтын атынан башка нерсе менен ант ичүү кичине ширк болуп эсептелет. Эгерде ант ичкен адам ант ичип жаткан нерсени чын жүрөгү менен ыйыктап, аны ыйык деп эсептеп ант ичсе, бул чоң ширк болот. Анткени аны Аллахты улуктагандай улуктап, ант ичкенин ага ибадат кылгандай ишенип алат.
التصنيفات
Аллахты Ага ибадат кылууда жалгыздоо