Төөлөрдүн моюнундагы тебеге байланган мончокторду да, башка мончокторду калтырбай алышсын" - деди

Төөлөрдүн моюнундагы тебеге байланган мончокторду да, башка мончокторду калтырбай алышсын" - деди

Абу Башир ал-Ансарий (ага Аллах ыраазы болсун) риваят кылат: Ал Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) менен кайсы бир сапарында чогуу болот. Ал айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) адамдар турагында эс алып жатканда аларга элчисин жиберип: " Төөлөрдүн моюнундагы тебеге байланган мончокторду да, башка мончокторду калтырбай алышсын" - деди.

[Сахих (ишенимдүү)] [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)]

الشرح

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сапарда жүрүп, адамдар эс алууга токтоп, уктоочу жайына тиккен чатырларында турган кезде аларга чабарманын жиберип, аларды төөлөрүнүн моюнуна байлаган мончокторун кыркып алууга буйруду. Мейли ал мончок жаанын тебе жибине байланган болсун, же коңгуроо, чокой сыяктуу нерсе болсун. Анткени, алар мындай нерселерди көз тийүүдөн сактануу үчүн байлашар эле. Аларды кесип таштоого буйрулушту. Себеби мындайлардан эч нерсе кайтарылбайт б.а. мындайлар көз тийүүдөн тосо албайт. Пайда да, зыян да шериги жок Жалгыз Аллахтын колунда.

فوائد الحديث

Пайда берет же зыяндан тосот деп жипти жана мончокторду байлоо тыюу салынган арам иш. Анткени бул ширк амалдарынан.

Мончокту кооздук үчүн, же улоону башкаруу үчүн, же аны байлоо үчүн колдонсо эч нерсе эмес.

Туура эмес ишти мүмкүнчүлүгүнө жараша кайтаруу важиб.

Жүрөктү бир гана эч шериги жок Аллахка байлоо важиб.

التصنيفات

Аллахты Ага ибадат кылууда жалгыздоо