إعدادات العرض
"Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламга, өлүм жакындаганда жүзүнө чүпүрөк жаап, өлүм азабынан дем алуусу кыйындаганда, аны жүзүнөн алып салып жатты. Ал ошондой…
"Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламга, өлүм жакындаганда жүзүнө чүпүрөк жаап, өлүм азабынан дем алуусу кыйындаганда, аны жүзүнөн алып салып жатты. Ал ошондой оор абалда жатып: "Аллах яхудийлерди жана христиандарды каргыштады. Алар өздөрүнүн пайгамбарларынын мүрзөлөрүн мечит кылып алышкан" - деп алардын кылгандарынан эскертип жатты".*@
Аиша жана Абдулла бин Аббас, радыяллаху анхума, риваят кылган хадисте ал экөөсү айтты: "Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламга, өлүм жакындаганда жүзүнө чүпүрөк жаап, өлүм азабынан дем алуусу кыйындаганда, аны жүзүнөн алып салып жатты. Ал ошондой оор абалда жатып: "Аллах яхудийлерди жана христиандарды каргыштады. Алар өздөрүнүн пайгамбарларынын мүрзөлөрүн мечит кылып алышкан" - деп алардын кылгандарынан эскертип жатты".
الترجمة
العربية Bosanski English Español فارسی Français Bahasa Indonesia Türkçe اردو 中文 हिन्दी Tagalog বাংলা Kurdî Hausa Português മലയാളം తెలుగు Kiswahili தமிழ் සිංහල မြန်မာ Русский Deutsch 日本語 پښتو Tiếng Việt অসমীয়া Shqip Svenska Čeština ગુજરાતી አማርኛ Yorùbá Nederlands ئۇيغۇرچە ไทย دری Lietuvių Kinyarwanda नेपाली Malagasy Italiano or ಕನ್ನಡ Oromoo Română Soomaali Српски Wolof Українська Mooreالشرح
Бул хадисте Аиша жана Ибн Аббас, радыяллаху анхум, мындай деп кабарлап жатат: "Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламга, өлүм жакындаганда жүзүнө чүпүрөк жаап, өлүм азабынан дем алуусу кыйындаганда аны жүзүнөн алып салып жатты. Ошондой оор абалда жатып мындай деди: "Аллах яхудийлерди жана христиандарды каргыштады жана аларды Өз ырайымынан алыстатты. Себеби, алар өздөрүнүн пайгамбарларынын мүрзөлөрүнө мечиттерди салышкан". Эгер бул иштин коркунучтуулугу болбогондо, Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, мындай кыйын абалда аны эскертмек эмес. Ошондуктан ал мына ошого окшош иштерден үммөтүнө тыюу салды. Анткени ал яхудийлер менен христиандардын кылганы жана Аллах Таалага ширк кылууга алып баруучу жол.فوائد الحديث
Пайгамбарлардын жана салихтердин мүрзөлөрүн Аллах үчүн намаз окулуучу мечит кылып алуудан Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, тыйды. Анткени бул ширкке алып баруучу жол.
Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламдын, бул ишке катуу көңүл буруусу, анын тавхидке болгон камкордугу жана кабырларды улуктоодон коркушу. Анткени бул ширкке алып барат.
Яхудийлерге, христиандарга жана алар сыяктуу мүрзөлөрдү куруп, аларды мечит кылып алгандарга каргыш айтууга уруксат.
Мүрзөлөргө курулуш куруу яхудийлердин жана христиандардын үрп-адаттарынын бири. Ал эми бул хадисте аларга окшошууга тыюу салынган.
Мечит курулбаса да, кабырларды намаз окуучу жай кылып алуудан жана кабырда намаз окуудан тыюу салынган.
التصنيفات
Аллахты Ага ибадат кылууда жалгыздоо