Чектен ашкандар кыйроого учурады» - деп үч жолу айтты

Чектен ашкандар кыйроого учурады» - деп үч жолу айтты

Абдуллах ибн Масьуд (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Аллахтын элчиси(ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): «Чектен ашкандар кыйроого учурады» - деп үч жолу айтты.

[Сахих (ишенимдүү)] [Муслим жазып калтырган]

الشرح

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) дүйнөдө жана динде, ошондой эле сөздөрүндө жана иштеринде илимсиздик менен Пайгамбар алып келген шарияттын чегинен чыгып, чектен ашкандардын зыянга учураарын кабар берип жатат.

فوائد الحديث

Бардык иште аша чаап кетүүдөн тыюу салынат жана бардык иште аша чаап кетүүдөн алыс болууга кызыктыруу керек. Өзгөчө ибадатта жана салих адамдарды ашыра улуктоого тыюу салынган.

Ибадатты толук түрдө аткаруу макталган жакшы иш, бирок шарият көрсөткөн жол менен болуусу зарыл.

Маанилүү жана өтө зарыл иштерди Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) үч жолу кайталап эскерткендей бекемдеп эскертүү мустахаб.

Ислам дини оңой жана жеңил.

التصنيفات

Аллахты Ага ибадат кылууда жалгыздоо