إعدادات العرض
«Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) көзү өтөөрдөн беш күн алдын мындай деп айтканын укканмын: «Аллахтан силердин араңардан кимдир бирөө…
«Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) көзү өтөөрдөн беш күн алдын мындай деп айтканын укканмын: «Аллахтан силердин араңардан кимдир бирөө мага халил (1) болуусунан коргоо сураймын. Чындыгында, Аллах Ибрахим, алейхис саламды, Өзүнө халил кылып алгандай мени да өзүнө халил кылып алды. Эгерде мен үммөтүмдөн кимдир бирөөнү өзүмө халил кылып ала турган болсом, анда Абу Бакрды халил кылып алмакмын. Силерден алдыңкы коомдор пайгамбарларынын жана солих адамдарынын кабырларын мечит кылып алышпадыбы?!. Силер кабырларды мечит кылып албагыла. Мен силерди андай кылуудан тыямын».*@
Жундуб (Аллах андан ыраазы болсун) айтты: «Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) көзү өтөөрдөн беш күн алдын мындай деп айтканын укканмын: «Аллахтан силердин араңардан кимдир бирөө мага халил (1) болуусунан коргоо сураймын. Чындыгында, Аллах Ибрахим, алейхис саламды, Өзүнө халил кылып алгандай мени да өзүнө халил кылып алды. Эгерде мен үммөтүмдөн кимдир бирөөнү өзүмө халил кылып ала турган болсом, анда Абу Бакрды халил кылып алмакмын. Силерден алдыңкы коомдор пайгамбарларынын жана солих адамдарынын кабырларын мечит кылып алышпадыбы?!. Силер кабырларды мечит кылып албагыла. Мен силерди андай кылуудан тыямын».
الترجمة
العربية বাংলা Bosanski English Español فارسی Français Indonesia Русский Tagalog Türkçe اردو 中文 हिन्दी Kurdî Hausa Português മലയാളം తెలుగు Kiswahili தமிழ் မြန်မာ Deutsch 日本語 پښتو Tiếng Việt অসমীয়া Shqip Svenska Čeština ગુજરાતી Yorùbá Nederlands ئۇيغۇرچە සිංහල دری Akan Azərbaycan Български Fulfulde Magyar ಕನ್ನಡ Lietuvių नेपाली or Română Kinyarwanda тоҷикӣ O‘zbek Moore Wolof Oromoo Bambara Українська Kirundi Српски ქართული Македонски Ελληνικά ភាសាខ្មែរ አማርኛ Malagasy ไทย Dansk मराठी ਪੰਜਾਬੀ Lingala Italiano kmrالشرح
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллахтын алдында халил макамына ээ экенин, ал халил макамы жакшы көрүүнүн эң жогорку даражасы экенин жана ага Ибрахим пайгамбар жеткендей пайгамбарыбыз да жеткенин кабар берди. Ошондуктан Пайгамбар өзүнө Аллахтан башканы халил болуусун тыйган. Анткени анын жүрөгү Аллах Тааланы сүйүүгө, улуктоого, жана Аны таанып билүүгө толгон болчу. Ошондуктан ал жүрөгүнө Аллахтан башка эч кимди батырган эмес. Эгерде Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) адамдардан кимдир бирөөнү халил кылып ала турган болсо, анда Абу Бакрды (Аллах андан ыраазы болсун) халил кылып алмак. Андан кийин Пайгамбар (Аллах андан ыраазы болсун) бирөөнү жакшы көрүүдө уруксат берилген чектен Яхудийлер жана христиандар сыяктуу ашып кетүүдөн эскертти. Алар пайгамбарларын жана салих адамдарын чектен чыгып сүйгөндүктөрү себептен алардын кабырын сыйынуучу кудайча кылып алышты. Алардын кабырларына мечиттерди жана ибадатканаларды тургузушту. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) үммөтүнү яхудийлер жана христиандар аткарган нерселерден кайтарды.فوائد الحديث
Абу Бакрдын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) пазилеттүүлүгү жана сахабалардын арасынан эң абзели. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) көз жумгандан кийин жалпы адамдардын арасынан анын ордуна халиф болууга татыктуу адам.
Кабырдын үстүнө мечит куруу мурунку өткөн коомдордо да тыюу салынган иштерден.
Адамдар ширкке түшүп калуу коркунучу болгондуктан кабырды ибадат кылуучу жайга айландыруу, анын жанында же ага карап намаз окуу жана анын үстүнө мечит куруу же күмбөз тургузуу тыюу салынган.
Салих адамдарды чектен ашырып сыйлоо ширкке алып баргандыгы үчүн андан сактануу керек.
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эскерткен күнөөлөрдүн акыбети өтө коркунучтуу болгондуктан, өлүмүнөн беш күн алдын үммөтүн бул күнөөлөрдөн кескин тыйып баса белгиледи.
