إعدادات العرض
Тумар тагынган адам, чынында ширк кылган болот" - деди
Тумар тагынган адам, чынында ширк кылган болот" - деди
Укба бин Аамир аль-Жуханий (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын эчисине (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) он чакты адам келип, ал алардын тогузу менен убада-келишим кылып, онунчусуна келишим кылбай койду. О, Аллахтын элчиси, тогузу менен келишим кылып, бирөөн калтырып койдуң го? - дешти эле, ал: "Анын тагынган тумары бар экен" - деди. Тиги киши коюнуна колун салып, тумарын жулуп таштады эле, аны менен убада-келишим кылып, анан: "Тумар тагынган адам, чынында ширк кылган болот" - деди.
الترجمة
العربية বাংলা Bosanski English Español فارسی Français Bahasa Indonesia Русский Tagalog Türkçe اردو 中文 हिन्दी Hausa Kurdî Português සිංහල Svenska ગુજરાતી አማርኛ Yorùbá ئۇيغۇرچە Tiếng Việt Kiswahili پښتو অসমীয়া دری or Malagasy Čeština नेपाली Oromoo Nederlands Soomaali తెలుగు ไทย Српски മലയാളം Kinyarwanda Română ಕನ್ನಡ Lietuviųالشرح
Пайгамбарыбызга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бир жамаат адам келет, алардын саны он болчу. Алардын тогузу менен исламга кирүүгө жана аны ээрчүүгө келишим-убадасын алат. Бирөөсү менен андай келишим кылбай койот. Мунун себебин сураганда, пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай дейт: Анын тумары бар экен. Тумар дегени, мончок, же дагы башка бир нерселерди жипке байлап, көз тийүүдөн жана башка зыяндан сактайт деп тагынып алуу. Ошенткенде тиги киши колун салып тумарын кесип алып таштайт. Ошондон кийин гана пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аны менен келишим кылат. Анан тумар тагынуудан тыйып, эскертип, аны тагынуунун өкүмүн баяндайт: "Тумар тагынган киши чынында ширк кылган болот".فوائد الحديث
Ким Аллахтан башкага таянса, Аллах анын максатына карама-каршы мамиле кылат.
Тумар тагынуу жамандыктан, көз тийүүдөн сактоого себеп болот деп ишенүү кичине ширк. Ал эми тумар өзү жамандыктан сактайт деп ишенүү чоң ширк.
التصنيفات
Аллахты Ага ибадат кылууда жалгыздоо