إعدادات العرض
Ал туура чыгып калган сөздү жиндер уурдап келип (көзү ачык) досунун кулагына тоок какылыктагандай какылдайт. Алар болсо ага жүздөн ашык жалганды аралаштырып…
Ал туура чыгып калган сөздү жиндер уурдап келип (көзү ачык) досунун кулагына тоок какылыктагандай какылдайт. Алар болсо ага жүздөн ашык жалганды аралаштырып айтат"-деп айтты
Аиша энебиз (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Адамдар Аллахтын элчисинен (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) көзү ачыктар тууралуу сурашты. Ал: "Алар эч нерсе кыла албайт" - деди. О, Аллахтын элчиси, кээде алардын айтканы туура чыгып калып жатпайбы - дешти. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Ал туура чыгып калган сөздү жиндер уурдап келип (көзү ачык) досунун кулагына тоок какылыктагандай какылдайт. Алар болсо ага жүздөн ашык жалганды аралаштырып айтат"-деп айтты.
الترجمة
العربية বাংলা Bosanski English Español فارسی Français Bahasa Indonesia Русский Tagalog Türkçe اردو 中文 हिन्दी Kurdî Português മലയാളം తెలుగు Kiswahili தமிழ் සිංහල မြန်မာ ไทย 日本語 پښتو Tiếng Việt অসমীয়া Shqip Svenska Čeština ગુજરાતી አማርኛ Yorùbá Nederlands ئۇيغۇرچە Hausa دری Magyar Italiano ಕನ್ನಡ Lietuvių Malagasy Română Kinyarwanda नेपाली Српски Soomaali Deutsch Moore Українська Български Wolofالشرح
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тычтыгы жана мактоосу болсун) келечектеги кайып кабарлар тууралуу айткандар жөнүндө суралды эле, ал: "Аларга арлашпагыла, алардын айтканын укпагыла, алардын кылганы силерди кыжаалат кылбасын" - деген. Кээ бир окуяларда алардын айтканы туура чыгып калып жатат, мисалы, баланча айда, баланча күнү мындай болот деп кайып ишти айтса, ошолордун айтканындай болуп калган учурлар болот дешет. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жиндер асманда айтылган кабарларды тыңшап угуп келет да көзү ачык досторуна түшүп укканын аларга айтат. Кийин көзү ачык анын асмандан укканына жүз жалганды кошуп жиберет.فوائد الحديث
Көзү ачыктарга ишенүүгө болбойт. Кээде туура болгонуна карабай, алардын айтканы жалган жана атайын дайындалган.
Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) пайгамбарлыгы башталгандан тартып асман кабарлары шайтандардын кулак салып угуп алуусунан сакталган. Кээ бир гана жылдыздын соккусунан аман калып кулак төшөгөндөрү угуусу мүмкүн.
Жиндер адамдардын арасынан дос тутат.