Мени христиандар Марямдын баласын чектен ашып улуктагандай улуктабагыла. Чындыгында, мен Анын (Аллахтын) кулумун. Силер мени: «Аллахтын кулу жана элчиси» - деп…

Мени христиандар Марямдын баласын чектен ашып улуктагандай улуктабагыла. Чындыгында, мен Анын (Аллахтын) кулумун. Силер мени: «Аллахтын кулу жана элчиси» - деп айткыла

Умар ибн Аль-Хаттаб (Аллах андан ыраазы болсун) айтты: Мен пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деп айтканын уктум: «Мени христиандар Марямдын баласын чектен ашып улуктагандай улуктабагыла. Чындыгында, мен Анын (Аллахтын) кулумун. Силер мени: «Аллахтын кулу жана элчиси» - деп айткыла».

[Сахих (ишенимдүү)] [Бухари жазып калтырган]

الشرح

Христиандар Иса пайгамбарды Аллахка таандык сыпаттар менен сүрөттөгөндөй, Пайгамбарыбыз өзүн шарияттын чегинен ашып мактоо жана Аллахка таандык сыпаттар менен сүрөттөп ага ибадат кылуудан кайтарып жатат. Жана Пайгамбар кайыпты билет деп же Христиандар Марям уулу Иса пайгамбарга дуба кылышкандай Аллах менен кошо Пайгамбарга дуба кылуудан тыйып жатат. Андан соң Пайгамбар Аллахтын кулдарынын бири экендигин баяндап, аны: «Аллахтын кулу жана элчиси» - деп айтуубузду буйруду.

فوائد الحديث

Шарият койгон чектен ашып мактоодон жана улуктоодон эскетти. Анткени бул ширк кылууга алып барат.

Тилекке каршы Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эскерткен нерсе бул үммөттө да болуп жатат. Ошондуктан кээ бирөөлөр Аллахтын элчисини, кээ бирөөлөр ахлу байтти, (1) кээ бирөөлөр олуяларды чектен ашып улукташып ширк кылып жатышат.

Раббинин өзгөчөлүктөрнөн болгон сыпаттарды пайгамбарга арноо туура эместигин жана пайгамбар да Аллахтын пендеси экендигин баяндоо үчүн Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) өзүн Аллахтын кулу деп сыпаттады.

Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллах тараптан жиберилген элчи экендигин жана аны ээрчип, аны тастыктоо важип экендигин баяндоо үчүн ал өзүн Аллахтын Элчиси деп сыпаттады.

التصنيفات

Аллахты Ага ибадат кылууда жалгыздоо