Мен сени Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мени буйруган нерсеге буйруйунбу? Эстелик, сүрөттү көрсөң талкалап жок кыл, кабыр үстүнө…

Мен сени Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мени буйруган нерсеге буйруйунбу? Эстелик, сүрөттү көрсөң талкалап жок кыл, кабыр үстүнө коюлган нерсени көрсөң тегиздеп түздөгүн - деди

Абу ал-Хаяж ал-Асадий айтат: Али бин Абу Талиб мага: Мен сени Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мени буйруган нерсеге буйруйунбу? Эстелик, сүрөттү көрсөң талкалап жок кыл, кабыр үстүнө коюлган нерсени көрсөң тегиздеп түздөгүн - деди.

[Сахих (ишенимдүү)] [Муслим жазып калтырган.]

الشرح

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сахабаларын эстеликтерди калтырбоого (жандуулардын сүрөтү, денеси болсо, болбосо айырмасы жок) талкалап же өчүрүп жоготууга жөнөтөт эле. Ошондой эле жерден бийик көтөрүлгөн кабырларды тегиздөөгө, кабыр үстүнө курулган нерселерди сындырууга, же аларды алып кабырдын үстүн тегиздеп, бир карыштай гана көтөрүп коюуга буйруган.

فوائد الحديث

Жандуу нерселердин сүрөтүн тартуу арам, анткени бул ширктин пайда болуусуна алып келет.

Бийлиги же кудурети жеткен адамга туура эмес иштерди колу менен кайтаруусу шариятта буйрулган.

Сүрөт тартуу, эстелик жасоо, кабыр үстүнө бир нерсе куруу сыяктуу жахил доордон калган жаман адаттарды жок кылууга пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аракет кылган.

التصنيفات

Аллахты Ага ибадат кылууда жалгыздоо