Муаз, радыяллаху анху, риваят кылат: Күндөрдүн биринде Пайгамбарыбыз, саллаллаху алейхи уа саллам, менен Уфайр аттуу эшектин үстүндө учкашып бара жаткам. Ошондо Пайгамбар айтты: "Эй, Муаз! Сен пенделердин Аллахка болгон акыларын жана Аллахтын пенделерине болгон акысын билесиңби?" - деп сурады. Мен: "Аллах жана Анын Элчиси жакшы билет" - деп айттым. Ал: "Пенделердин Аллахка болгон акылары - жалгыз Ага гана сыйынуулары жана Ага эч кимди шерик кылбоосу - деп айтты. Ошондой эле Аллахтын пенделерине болгон акысы - ал Өзүнө шерик кошпогон пендесин азапка салбоосу" - деди. Мен: "О, Аллахтын Элчиси! Мен бул кабарды элге айтып сүйүнчүлөсөм кандай?" - дедим. Ал: "Аларды сүйүнчүлөбөй эле кой. Андай кылсаң алар ушуга таянып алышат" - деп айтты.

[Сахих (ишенимдүү)] [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)]

الشرح

Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, Аллахтын пенделердеги акысын жана пенделердин Аллахтагы акысын баяндап берди. Аллахтын пенделердин үстүндөгү акысы – алар жалгыз Ага ибадат кылуулары жана Ага эч нерсени шерик кылбоо экендигин айтты. Ал эми пенделердин Аллахтагы акысы – Ага эч нерсени шерик кошпогон муваххиддерди азаптабашы. Андан кийин Муаз айтты: Оо, Аллахтын Элчиси, мен адамдарга сүйүнчүлөп, алар бул жакшылыкка кубанып, сүйүнүшпөсүнбү? - деп сурады. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам: «Ушуга гана таянып калышат» - деп коркуп, аны тыйды.

فوائد الحديث

Аллах Таала парз кылган пенделердин Аллахка болгон акыларын түшүндүрдү. Ал акылары - Аллахка гана сыйынуулары жана эч кимди шерик кошпоолору.

Аллах Өзүнүн пазилети жана жакшылыгы менен Өзүнө милдет кылган пенделеринин акысы - аларды эч бир азапка салбай бейишке киргизүү

Бул хадисте Аллах Таалага эч нерсени шерик кошпогон муваххидтерге, алардын акыбети бейишке кирүү экендигине чоң сүйүнчү бар.

Бул хадисти Муаз, радыяллаху анху, өлөр алдында айткан. Анткени ал илимди жашыруу күнөөсүнөн коркуп элге айткан.

Сөзсүз аткарыла турган өкүмдөрдү жана шарияттын худуддарын камтыбаган кээ бир хадистерди анын маанисин түшүнбөгөн адамдар башкача мааниде түшүнүп алуусунан коркуп, кээ бир адамдарга айтпаса болот.

Ал эми күнөөкөр муваххидтер Аллахтын каалоосунун астында. Ал кааласа азаптайт, кааласа кечирет. Бирок алардын акыркы бара турган жайы бейиш болот.

التصنيفات

Аллахты Ага ибадат кылууда жалгыздоо, Тавхиддин артыкчылыктары