إعدادات العرض
Ким Аллахтан башкага кудай деп дуба кылып жүрүп өлсө, тозокко кирет" - деди
Ким Аллахтан башкага кудай деп дуба кылып жүрүп өлсө, тозокко кирет" - деди
Абдуллах бин Масуъд (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бир сөздү айткан, мен болсо андан башкасын айттым. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): " Ким Аллахтан башкага кудай деп дуба кылып жүрүп өлсө, тозокко кирет" - деди. Мен болсо: Ким Аллахтан башканы кудай деп дуба кылбастан өлсө, бейишке кирет - дедим.
[Сахих (ишенимдүү)] [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)]
الترجمة
العربية বাংলা Bosanski English Español فارسی Français Bahasa Indonesia Türkçe اردو 中文 हिन्दी Tagalog Kurdî Português മലയാളം తెలుగు Kiswahili தமிழ் සිංහල မြန်မာ Deutsch 日本語 پښتو Tiếng Việt অসমীয়া Shqip Svenska Čeština ગુજરાતી አማርኛ Yorùbá ئۇيغۇرچە Hausa ไทย دری or Kinyarwanda नेपाली Română Malagasy Lietuvių Oromoo Nederlands Soomaali Српски Українська ಕನ್ನಡ Wolof Mooreالشرح
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кимде-ким Аллах Таалага аткарыла турган кайсы бир ишти, мисалы Аллахтан башкага дуба кылуу, Андан башкадан жардам суроо сыяктуу иштерди кылса жана ошентип жүрүп дүйнөдөн өтүп кетсе, ал тозоктун тургуну болорун кабарлаган. Ал эми Абдуллах бин Масуъд (ага Аллах ыраазы болсун) буга кошумчалап, кимде-ким Аллахка эч нерсени шерик кылбай (Аллахтын өзүнө ибадат кылып) жүрүп дүйнөдөн өтсө, анын турагы бейиш болорун айткан.فوائد الحديث
Дуба - бул, Аллахтан башкага аткарылбай турган ибадат.
Тавхиддин б.а. бир Аллахка сыйынуу ишениминин артыкчылыгы айтылган, анткени ким тавхид менен өлсө, кээ бир күнөөлөрү үчүн азапталса да, акыры бейишке кирет.
Ширктин коркунучтуулугу айтылган, анткени ким шерик кошуп жүрүп дүйнөдөн өтүп кетсе, тозокко кирет.
التصنيفات
Аллахты Ага ибадат кылууда жалгыздоо