Улук Аллах Таала силерди атаңардын аты менен касам ичүүдөн тыйды

Улук Аллах Таала силерди атаңардын аты менен касам ичүүдөн тыйды

Умар бин Хаттаб (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Улук Аллах Таала силерди атаңардын аты менен касам ичүүдөн тыйды". Умар айтат: Аллахка касам ичип айтам, Аллахтын элчисинен (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындан тыйганын уккандан бери, атайлап да, бирөөнүн айтканын кайталап да, атамдын аты менен касам ичпедим.

[Сахих (ишенимдүү)] [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)]

الشرح

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллах Таала ата-бабанын аты менен касам ичүүдөн тыйганын кабарлаган. Касам ичүүнү каалаган адам Аллахтын аты менен гана касам ичсин, Андан башка менен касам ичүүгө болбойт. Анан Умар бин Хаттаб (ага Аллах ыраазы болсун) ошол Аллахтын элчисинен (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бул тууралуу уккандан бери бир да жолу антип касам ичпегенин эскерет. Атайын да, Аллахтын атынан башкага касам ичкен бирөөнүн сөзүн кайталап да минтип касам ичкен эмес экен.

فوائد الحديث

Аллахтын атынан башка бардык нерсе менен касам ичүү арам. Ал эми ата-бабанын аты менен деп айтканы, исламга чейинки доордо ушундай касам кеңири тараган болчу.

Касам: бул Аллах менен же Анын ысымдары, же сыпаттары менен кайсы бир ишти бышыктап билдирүү үчүн айтылган сөз.

Умар бин Хаттабдын (ага Аллах ыраазы болсун) буйрукту дароо аткарган артыкчылыгы, түшүнүктүүлүгү жана такыбалыгын (байкайбыз).

التصنيفات

Аллахты Ага ибадат кылууда жалгыздоо, Аллахты Ага ибадат кылууда жалгыздоо