Кабырлардын үстүнө отурбагыла жана анда намаз окубагыла!

Кабырлардын үстүнө отурбагыла жана анда намаз окубагыла!

Абу Марсад ал-Ганави (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Кабырлардын үстүнө отурбагыла жана анда намаз окубагыла!"

[Сахих (ишенимдүү)] [Муслим жазып калтырган.]

الشرح

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кабылдардын үстүнө отурууга тыюу салган. Ошондой эле кабырда намаз окууга жана кыбыла тарабындагы кабырга жүздөнүп намаз окууга тыюу салган. Анткени, бул ширкке алып баруучу иштерден.

فوائد الحديث

Кабырдын ичинде, кабырлардын арасында, же кабырга жүздөнүп намаз окууга болбойт. Бир гана жаназа намазын окууга болору сүннөттө айтылган.

Кабырларга намаз окуудан тыюу - ширкти пайда кылчу иштерден тосот.

Ислам дини кабыр тууралуу чектен чыгуудан жана аны кордоодон тыят. Аша чабууга да, шалаакылык кылууга да болойт.

Мусулмандын урматы ал өлгөндөн кийин да сакталат, пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Өлүктүн сөөгүн сындыруу - тирүү кезинде сындыргандай эле (күнөө)" - деген.

التصنيفات

Аллахты Ага ибадат кылууда жалгыздоо, Аллахты Ага ибадат кылууда жалгыздоо, Намаздын шарттары, Намаздын шарттары