إعدادات العرض
Ким: Лаа илааха иллаллоох" деп айтып, Аллахтан башка ибадат кылынган нерселерден баш тартса, анын мал-мүлкү жана каны арам болот. Ал эми сурагы Аллахка таандык
Ким: Лаа илааха иллаллоох" деп айтып, Аллахтан башка ибадат кылынган нерселерден баш тартса, анын мал-мүлкү жана каны арам болот. Ал эми сурагы Аллахка таандык
Таарик бин Ашйам ал-Ашжаъи (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айтканын уктум: "Ким: Лаа илааха иллаллоох" деп айтып, Аллахтан башка ибадат кылынган нерселерден баш тартса, анын мал-мүлкү жана каны арам болот. Ал эми сурагы Аллахка таандык".
الترجمة
العربية বাংলা Bosanski English Español فارسی Français Bahasa Indonesia Русский Tagalog Türkçe اردو 中文 हिन्दी Kurdî Hausa Português മലയാളം తెలుగు Kiswahili தமிழ் မြန်မာ ไทย Deutsch 日本語 پښتو Tiếng Việt অসমীয়া Shqip Svenska Čeština ગુજરાતી አማርኛ Yorùbá Nederlands ئۇيغۇرچە සිංහල دری Magyar Italiano ಕನ್ನಡ Lietuvių Malagasy Română Kinyarwanda नेपाली Српски Wolof Soomaali Moore Українська Български Azərbaycan mrالشرح
Пайгамбарыбыз (ага Алллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кимде-ким "лаа илааха иллаллоох" деп тактап айтканда, Аллахтан башка ибадатка татыктуу кудай жок деп тили менен айтса, күбөлүк берсе, анан Аллахтан башка сыйынып жүргөн нерселеринен баш тартса, Исламдан башка бардык диндерден баш тартса, анын каны жана малы мусулмандарга арам болорун кабарлаган. Биз анын сырткы амалына гана карайбыз, анын малы тартып алынбайт,каны төгүлбөйт. Бирок кокус кылмыш кылып, же жазага кириптер болуп калса гана Ислам өкүмдөрү менен кылмышына жараша өкүм чыгарылат. Ал эми анын эсеп-кысабын кыямат күнү Аллах жүргүзөт, эгер айтканында чынчыл болсо сообун алат, эгер эки жүздүүлүк кылып жалган айткан болсо жазасын алат.فوائد الحديث
"Лаа илааха иллаллоох" деп тил менен айтуу жана Аллахтан башка сыйынып жүргөн нерселерин таштоо Исламга кирүүнун шарты.
(Лаа илааха иллаллооху)нун мааниси, Аллахтан башка кабыр, таш-буркан ж.б. сыйынылып жүргөн нерселерден баш тартуу, ибадат кылууда Аллахты жалгыздоо.
Ким тавхидди айтып, анын шарттарын сырткы көрүнүшүндө карманса, мунун каршысы андан ачык дайын болмоюнча ага тийишпөө важиб.
Мусулмандын малы, каны жана абийири арам, бирок жазыгы болсо арам эмес.
Бул дүйнөдө адамдын сырткы амалдарына карай өкүм чыгарылат, акыретте болсо ниетине жана максатына каралат.
التصنيفات
Аллахты Ага ибадат кылууда жалгыздоо