إعدادات العرض
Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Чындыгында, адал нерселер белгилүү, арам нерселер да белгилүү. Ал эми ал экөөнүн ортосунда көптөгөн адамдар…
Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Чындыгында, адал нерселер белгилүү, арам нерселер да белгилүү. Ал эми ал экөөнүн ортосунда көптөгөн адамдар билбеген күмөндүү нерселер бар. Ким ошондой күмөндүү нерселерден сактанса, анда ал динин жана намысын таза сактаптыр. Ким күмөндүү нерселерди кылган болсо, анда ал арамга түшүп калышы мүмкүн. Бул бирөөнүн корук-жайына жакын малын жайып жүргөн чабан сыяктуу. Ал малын карап турбаса, корук-жайга кирип кетүүсү мүмкүн. Ар бир падышанын корук-жайы болот. Аллахтын корук-жайы – Ал арам кылган нерселер. Чындыгында, денеде бир үзүм эт бар, эгерде ал оңолсо, дененин баары оңолот. Эгерде ал бузулса, анда дененин баары бузулат. Мына ошол бир үзүм эт – ал жүрөк
Ан-Нууман бин Башир, радыяллаху анху, риваят кылат. Нууман эки манжасы менен кулагынына ишара кылып: «Мен Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламдын, мындай деп айтканын уктум» - дейт. Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Чындыгында, адал нерселер белгилүү, арам нерселер да белгилүү. Ал эми ал экөөнүн ортосунда көптөгөн адамдар билбеген күмөндүү нерселер бар. Ким ошондой күмөндүү нерселерден сактанса, анда ал динин жана намысын таза сактаптыр. Ким күмөндүү нерселерди кылган болсо, анда ал арамга түшүп калышы мүмкүн. Бул бирөөнүн корук-жайына жакын малын жайып жүргөн чабан сыяктуу. Ал малын карап турбаса, корук-жайга кирип кетүүсү мүмкүн. Ар бир падышанын корук-жайы болот. Аллахтын корук-жайы – Ал арам кылган нерселер. Чындыгында, денеде бир үзүм эт бар, эгерде ал оңолсо, дененин баары оңолот. Эгерде ал бузулса, анда дененин баары бузулат. Мына ошол бир үзүм эт – ал жүрөк».
الترجمة
العربية বাংলা Bosanski English Español فارسی Français Bahasa Indonesia Русский Tagalog Türkçe اردو 中文 हिन्दी ئۇيغۇرچە Kurdî Hausa Português മലയാളം తెలుగు Kiswahili မြန်မာ Deutsch 日本語 پښتو Tiếng Việt অসমীয়া Shqip Svenska Čeština ગુજરાતી አማርኛ Yorùbá Nederlands සිංහල தமிழ் ไทย دری Fulfulde Magyar Italiano ಕನ್ನಡ Lietuvių Malagasy or Română Kinyarwanda Српски тоҷикӣ O‘zbek Moore नेपाली Oromoo Wolof Soomaali Български Українська Azərbaycan bm ქართული Lingala Македонскиالشرح
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, нерселерге байланыштуу жалпы айтылган эрежени ачыктап жатат. Ал эреже шариятта үчкө бөлүнөт: Ачык-айкын адал, ачык-айкын арам жана өкүмдө адалдык жана арамдык жагынан ачык-айкын болбогон күмөндүү иштер. Анын өкүмүн көп адамдар биле бербейт. Демек кимде-ким ошол күмөндүү нерселерди таштаса, анда анын дини аны арамга түшүп калуудан сактайт жана анын намысы бул күмөндүү иштерди жасаган себебинен аны айыптаган адамдардын сөзүнөн аман болот. Кимде-ким күмөндүү нерселерден алыстабаса, анда ал же арамга түшүп калат, же адамдар анын намысына тийишет. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, күмөндүү нерселерди аткарып койгон адамдын абалын баяндоо үчүн мисал келтирди. Бул кожоюну коргогон жердин жанында малын жайып жүргөн чабанга окшош. Чабандын малы бул коруктун жанына жакын жайгашкандыктан, жайылып ага өтүп кетүүсүнө аз калат. Ошондой эле, кимде-ким күмөндүү бир ишти кылса, анда ал арамга жакындайт да ал арамга түшүп калышына аз калат. Андан кийин Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, денеде бир үзүм эт бар экенин, (ал жүрөк) ал оңолсо, дененин баары оңолоорун жана ал бузулса, дененин баары бузулаарын кабар берди.فوائد الحديث
Өкүмү тактала элек күмөндүү нерселерди таштоого үндөдү.