Напсини тазалоо

Напсини тазалоо

1- Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Чындыгында, адал нерселер белгилүү, арам нерселер да белгилүү. Ал эми ал экөөнүн ортосунда көптөгөн адамдар билбеген күмөндүү нерселер бар. Ким ошондой күмөндүү нерселерден сактанса, анда ал динин жана намысын таза сактаптыр. Ким күмөндүү нерселерди кылган болсо, анда ал арамга түшүп калышы мүмкүн. Бул бирөөнүн корук-жайына жакын малын жайып жүргөн чабан сыяктуу. Ал малын карап турбаса, корук-жайга кирип кетүүсү мүмкүн. Ар бир падышанын корук-жайы болот. Аллахтын корук-жайы – Ал арам кылган нерселер. Чындыгында, денеде бир үзүм эт бар, эгерде ал оңолсо, дененин баары оңолот. Эгерде ал бузулса, анда дененин баары бузулат. Мына ошол бир үзүм эт – ал жүрөк