Бир киши экинчи бир кишинин кабырынын жанынан өтүп бара жатып: "Аттиң десе, ушунун ордунда мен болуп калганымда" деп (самап) калмайынча кыямат болбойт

Бир киши экинчи бир кишинин кабырынын жанынан өтүп бара жатып: "Аттиң десе, ушунун ордунда мен болуп калганымда" деп (самап) калмайынча кыямат болбойт

Абу Хурайранын (ага Аллах ыраазы болсун) риваятында, пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деген: "Бир киши экинчи бир кишинин кабырынын жанынан өтүп бара жатып: "Аттиң десе, ушунун ордунда мен болуп калганымда" деп (самап) калмайынча кыямат болбойт".

[Сахих (ишенимдүү)] [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)]

الشرح

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип кабарлайт: Бир адам кабырдын жанынан өтүп бара жатып, анын ордунда өзү майит болуп жатууну самап, үмут кылмайынча кыямат болбойт. Мунун себеби, жалган нерселер басымдуулук кылып, фитна, күнөө, жаман иштер ачыктан ачык жасалгандыктан, ал динин жоготуп аламбы деп коркот.

فوائد الحديث

Бул хадис акыр заманда күнөө, фитналар ачык болорунан кабар берет.

Этият болуп, ыйман жана ийги иш-амалдар менен өлүүгө даярданууга жана фитна, балээ жайылган жайлардан алыс болууга үндөйт.

التصنيفات

Кабыр жашоосу, Салихтердин абалдары, Напсини тазалоо