Момундун ишине таң каламын. Анын бардык иши жакшылык. Мындай момун үчүн гана болот

Момундун ишине таң каламын. Анын бардык иши жакшылык. Мындай момун үчүн гана болот

Сухайб (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Момундун ишине таң каламын. Анын бардык иши жакшылык. Мындай момун үчүн гана болот. Эгер ага кубаныч болсо, ага шүгүр кылат. Бул ал үчүн жакшы. Эгер ага зыян болсо, ага сабыр кылат. Бул да ал үчүн жакшы».

[Сахих (ишенимдүү)] [Муслим жазып калтырган.]

الشرح

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ыймандуу адамдын абалына ыраазы болуу менен таң калганын айткан; анткени, анын ар бир абалы ал үчүн жакшылык. Мындай жакшылык ыймандуулардан башкаларда болбойт. Эгер кубанычка бөлөнсө, ал үчүн Аллахка шүгүр кылат; шүгүр кылганы үчүн соопко ээ болот. Эгер кыйынчылыкка кабылса, сабыр кылат. Аллахтан сооп күтөт. Сабыр кылганы үчүн соопко ээ болот. Ошентип ал кандай абалга кабылбасын баары бир соопко ээ болот.

فوائد الحديث

Кубанычка шүгүр, кыйынчылыкка сабыр кылуу артыкчылыктуу иштерден. Мындай кылган адамдарга дүйнө жана акыреттин жакышылыгы болот. Ал эми ким кубанычка шүгүр кылбаса жана кыйынчылыкка сабыр кылбаса, сооптон куру калат. Тескерисинче, ага жамандык жетет.

Ыймандын артыкчылыгы ушунда, мындай учурлардын баарында ыймандуу адамга гана сооп жазылат.

Кубанычка шүгүр кылуу жана кыйынчылыкка сабыр кылуу - ыймандуу адамдардын белгиси.

Аллахтын тагдырына ишенүү - ыймандуу адамды бардык абалды ыраазылык менен кабыл ала турган кылат. А ыймансыз адам тескерисинче, ага кандай зыян болбосун дайыма нааразы болуп жүрөт. А эгер ага Аллахтын кайсы бир жакшылыгы болсо, аны ал күнөө иштерге жумшап, ал аны Аллахка таат-ибадат кылуудан алек кылат.

التصنيفات

Напсини тазалоо