إعدادات العرض
мага Исламдагы бир сөздү үйрөт, ал жөнүндө сенден башка эч кимден сурабаймын, - дедим. Ал: "Аллахка ыйман келтирдим" дегин, анан түз жүргүн" - деди
мага Исламдагы бир сөздү үйрөт, ал жөнүндө сенден башка эч кимден сурабаймын, - дедим. Ал: "Аллахка ыйман келтирдим" дегин, анан түз жүргүн" - деди
Абу Амр - башка айтымда, Абу Амра - суфян бин Абдулла (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Мен: О, Аллахтын элчиси, мага Исламдагы бир сөздү үйрөт, ал жөнүндө сенден башка эч кимден сурабаймын, - дедим. Ал: "Аллахка ыйман келтирдим" дегин, анан түз жүргүн" - деди.
الترجمة
العربية Español አማርኛ English اردو Indonesia ئۇيغۇرچە বাংলা Français Türkçe Русский Bosanski සිංහල हिन्दी 中文 فارسی Tiếng Việt Tagalog Kurdî Hausa Português മലയാളം తెలుగు Kiswahili தமிழ் မြန်မာ ไทย Deutsch 日本語 پښتو অসমীয়া Shqip Svenska Nederlands ગુજરાતી नेपाली Yorùbá Lietuvių دری Српски Soomaali тоҷикӣ Kinyarwanda Română Magyar Čeština Moore Malagasy Oromoo ಕನ್ನಡ Wolof Azərbaycan O‘zbek Українська ქართული Македонски ភាសាខ្មែរ Bambara ਪੰਜਾਬੀ मराठी Kirundi Kurmancî Bahasa Melayu Yaoالشرح
Суфян бин Абдулла деген сахаба (Аллах андан ыраазы болсун) пайгамбарыбыздан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ага жалпы Ислам маанисин камтыган сөздү үйрөтүүсүн суранып, аны бекем кармап, ал жөнүндө башка эч кимден сурабастыгын айтат. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ага: Аллахты жалгыз деп билем, Ал менин Раббим, Кудайым, Жаратуучум жана эч шериги жок Ибадат кылуучум деп айткын - деди. Кийин Аллахтын парз буйруктарын аткарып, Ала тыйган тыюулардан тыйылып, Аллахка баш ийүүгө, анан ушул жолдо такай жүрүүгө буйруду.فوائد الحديث
Диндин негизи - бул, Аллахка Анын рубубиятына, улухиятына жана ысым сыпаттарына ыйман келтирүү.
Ыймандан кийин эле түз жолдо такай жүрүү, ибадатты дайыма аткаруу жана ушунда бекем болуу зарыл.
Ыйман - амалдардын кабыл болуусунун бир шарты.
Аллахка ыйман келтирүү өз ичине ыйман ишенимдеринен жана негиздеринен ишенүү важыб болгон иштерди камтыйт. Ошондой эле буга тиешелүү жүрөк амалдарын жана ички амалдарда да, сырткы көрүнүштө да Аллахка баш ийип, Ага өзүн тапшырууну камтыйт.
Истикоома б.а. түз жолдо такай жүрүү - буйруктарды аткарып, тыюулардан тыйылып түз жолдо жүрүү дегенди билдирет.
