إعدادات العرض
Бир киши Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламга: «Мага насаат бериңиз» - деп айтты. Ал: «Ачууланба» - деди. Андан кийин кайра-кайра сураганда Пайгамбар:…
Бир киши Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламга: «Мага насаат бериңиз» - деп айтты. Ал: «Ачууланба» - деди. Андан кийин кайра-кайра сураганда Пайгамбар: «Ачууланба» - деп кайталады.*@
Абу Хурайра, радыяллаху анху, риваят кылат: Бир киши Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламга: «Мага насаат бериңиз» - деп айтты. Ал: «Ачууланба» - деди. Андан кийин кайра-кайра сураганда Пайгамбар: «Ачууланба» - деп кайталады.
[Сахих (ишенимдүү)] [Бухари жазып калтырган]
الترجمة
العربية বাংলা Bosanski English Español Français Bahasa Indonesia Русский Tagalog Türkçe اردو 中文 हिन्दी ئۇيغۇرچە Kurdî Hausa Português മലയാളം తెలుగు Kiswahili فارسی မြန်မာ Deutsch 日本語 پښتو Tiếng Việt অসমীয়া Shqip Svenska Čeština ગુજરાતી አማርኛ Yorùbá Nederlands සිංහල தமிழ் ไทย دری Fulfulde Magyar Italiano ಕನ್ನಡ Lietuvių or Română Kinyarwanda Српски O‘zbek Moore नेपाली Malagasy тоҷикӣ Oromoo Wolof Soomaali Български Українська Azərbaycan ქართული bm Македонскиالشرح
Сахабалардын бири Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдан, өзүнө пайда алып келе турган нерсеге багыттоосун сурады. Ошондо Пайгамбар ачууланбоого буюрду. Бул анын ачуусун келтирген себептерден алыс болушун, ачуусу келгенде өзүн карманышын, кан төгүү, уруп-сабоо, мазактоо жана ушул сыяктуу нерселер менен ачуусун баспоо дегенди билдирет. Ал киши: «Мага насаат бериңиз» - деген өтүнүчүн бир нече жолу кайталаса да, Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, ага «ачууланба» деп айткан насаатын гана айтты.فوائد الحديث
Ачуулануудан жана анын себептеринен сактануу. Анткени ачуулануу жамандыктын жыйындысы. Ал эми андан сактануу жакшылыктын жыйындысы.
Аллахтын жүзү үчүн ачуулануу - бул мактоого татыктуу ачуулануу. Ал мактоого татыктуу ачуулануу - бул Аллахтын тыюулары бузулгандагы ачуулануу.
Сүйлөмдү кайталоого зарыл болгон учурда угуучу аны баамдап, анын маанисин түшүнгүчө кайталоо.
Аалымдан насаат суроонун пазилети.
التصنيفات
Мактоого татыктуу ахлактар