Жибек жана парчаны кийбегиле. Алтын жана күмуш идиштерден ичпегиле. Жана алардан жасалган табактан тамак жебегиле. Булар бул дүйнөдө каапырлар үчүн, акыретте биз…

Жибек жана парчаны кийбегиле. Алтын жана күмуш идиштерден ичпегиле. Жана алардан жасалган табактан тамак жебегиле. Булар бул дүйнөдө каапырлар үчүн, акыретте биз үчүн

Абдурахман инб Абу Лайланын айтымында, алар Хузайфанын жанына барышат. Ал суу сурап, бир отпарас киши ага суу алып келет. Чөйчөктү колуна алып, анан аны ыргытып жиберет. Анан: Мен муну бир-эки жолу эле айтсам экен... - деп ачууланды б.а. мурда эскертпегенимде мынтип ыргытпайт элем деген маанини айтты. Бирок мен пайгамбарыбыздын мындай деп айтканын укканмын: "Жибек жана парчаны кийбегиле. Алтын жана күмуш идиштерден ичпегиле. Жана алардан жасалган табактан тамак жебегиле. Булар бул дүйнөдө каапырлар үчүн, акыретте биз үчүн".

[Сахих (ишенимдүү)] [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)]

الشرح

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эркектерди жибектин кайсы түрү болбосун, андан тигилген кийимдерди кийүүдөн тыйган. Ошондой эле эркектерди жана аялдарды алтын жана күмүш идиштерден ичип-жегенден тыйган. Мусулмандар Аллахка баш ийип, дүйнө жашоосунда алтын менен күмүштөн жасалган идиштерди пайдаланбаганы үчүн акыретте мындай идиштер мусулмандар үчүн гана болорун кабарлаган. Ал эми каапырларга акыретте алтын күмүштөр берилбейт. Анткени, алар бул дүйнө жашоосунда аларды пайдаланышты жана Аллахтын буйругуна каршы болушту.

فوائد الحديث

Жибектин бардык түрүн кийүүдөн тыюу эркектерге гана тиешелүү. Кийген адамга катуу азап болору убада кылынган.

Жибектин түрлөрүн жан парча кийимдерин кийүү аялдарга уруксат.

Алтын жана күмүш идиштерден ичип, жегендик эркектерге да, аялдарга да тыюу салынган арам иш.

Хузайфанын (ага Аллах ыраазы болсун) чөйчөктү ыргытып, катуу тыюу салганынын себеби, ал буга чейин бир канча жолу эскерткен болчу, бирок тигилер ага макул болгон эмес.

التصنيفات

Кийинүүнүн адептери