Аллахтан корккула! Башчыңар хабаший (ынды кара) кул болсо да аны уккула жана моюн сунгула! Менден кийин көптөгөн карама-карышылыктарды көрөсүңөр. Ошондо менин жана…

Аллахтан корккула! Башчыңар хабаший (ынды кара) кул болсо да аны уккула жана моюн сунгула! Менден кийин көптөгөн карама-карышылыктарды көрөсүңөр. Ошондо менин жана менин туура жол көрсөтүүчү халифтеримдин сүннөт жолун бекем кармагыла!

Ал Ирбаз бин Сария (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Бир күнү Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) туруп, бизге аябай жеткиликтүү насаат айтты. Андан жүрөктөр титиреп, көздөр жашылданды. О, Аллахтын элчиси, бизге коштошуп жаткандай насаат айттың, эми бизге бир келишимди (дайыма аткарып жүрүү үчүн) осуят кыл - дешти. Ал мындай деди: " Аллахтан корккула! Башчыңар хабаший (ынды кара) кул болсо да аны уккула жана моюн сунгула! Менден кийин көптөгөн карама-карышылыктарды көрөсүңөр. Ошондо менин жана менин туура жол көрсөтүүчү халифтеримдин сүннөт жолун бекем кармагыла! Ага азууңар менен жармашкыла! Жаңы пайда болгон иштерден сак болгула! Анткени, бардык жаңы иштер адашууга алып барат".

[Сахих (ишенимдүү)] [Абу Дауд жазып калтырган.]

الشرح

Пайгамбар ага (Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сахабаларына жеткиликтүү насаат айтып, андан жүрөктөр коркуп титиреп, көздөрдөн жаш агып кетет. Анан алар: О, Аллахтын элчиси, сен бизге коштошкондой насаат айттың - дешет. Насааттын өтө жеткиликтүү айтылганынан улам алар муну байкаган болчу. Анан ал өткөндөн кийин такай аткарып жүрө турган ишти осуят кылуусун андан суранышат. Ал: Улуу Аллах Таалага такыба болгула - дейт. Такыбалык ваажыб, буйруктарды аткаруу жана арам,тыюу салынган иштерден тыйылуу менен болот. "Уккула жана баш ийгиле" - дейт. Т.а. башчыларга баш ийгиле. Эгерде силерге кул башчы болуп же өкүмдарлык кылса, ага да баш ийгиле. Мындайча айтканда, калайыктын ичинен даражасы эң төмөн адам башчы болсо да, аны теңсинбей койбой, ага баш ийгиле, фитна, бүлгүндөн этият болуу үчүн. Анткени, кимдин өмүрү узун болсо келечекте көп келишпестиктерди көрөт. Андан кийин аларга мындай келишпестиктерден алып чыга турган жолду баяндады. Бул - ал өткөндөн кийин анын жана анын туура жол көрсөтүүчү халифтеринин сүннөт жолун бекем кармоо. Булар Абу Бакр Сыддык, Умар бин Хаттаб, Усман бин Аффан жана Али бин Абу Талиб (аларга баарына Аллах ыраазы болсун). Ушул жолду азуу тиштери менен бекем тиштөөгө үндөдү. Б.а. сүннөттү бекем тутуп, аны менен жүрүүгө тырышууга үндөдү. Ошондой эле аларга динде жаңыдан пайда болгон иштерден этият болууну эскертти, анткени бардык жаңыдан пайда болгон иштер адашууга алып барат.

فوائد الحديث

Сүннөттү кармоо жана аны ээрчүүнүн зарылдыгы.

Насаат айтууга жана жүрөктү жумшартуучу нерселерге көңүл буруу.

Өзүнөн кийинки туура жолго баштоочу төрт халифти ээрчүүгө буюруусу. Алар Абу Бакр, Умар, Усман, Али (аларага Аллах ыраазы болсун).

Динде жаңы ишти пайда кылуудан тыюу. Анткени, бардык жаңы иштер - адашуу.

Ыймандууларга (мусулмандарга) башчы болгон адамды күнөө эмес иштерде угуу жана ага баш ийүү.

Бардык учурда жана бардык абалда Улук Алла Таалага такыба болуунун зарылдыгы.

Бул үммөттө келишпестиктер сөзсүз болот. Мындайлар пайда болгондо Аллахтын элчисинин жана туура жолго баштоочу халифтердин сүннөт жолуна кайтуу лаазым.

التصنيفات

Сүннөттүн орду жана зарылдыгы, Сүннөттүн орду жана зарылдыгы, Сахабалардын артыкчылыктары (аларга Аллах ыраазы болсун), Сахабалардын артыкчылыктары (аларга Аллах ыраазы болсун), Имамдын кол алдындагыларга карата акысы (укугу), Имамдын кол алдындагыларга карата акысы (укугу), Merits of the Rightly Guided Caliphs, Merits of the Rightly Guided Caliphs