Кимде-ким кайсыл бир жерге келсе: "Аъузу би калима тиллаахит-тааммаати миң шарри маа холак" деп айтса, анда ал кайра жолун улап кеткенге чейин ага эч нерсе зыян…

Кимде-ким кайсыл бир жерге келсе: "Аъузу би калима тиллаахит-тааммаати миң шарри маа холак" деп айтса, анда ал кайра жолун улап кеткенге чейин ага эч нерсе зыян бербейт

Хавла бинт Хаким ас-Суламия (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мынтип айтканын укканмын: "Кимде-ким кайсыл бир жерге келсе: "Аъузу би калима тиллаахит-тааммаати миң шарри маа холак" деп айтса, анда ал кайра жолун улап кеткенге чейин ага эч нерсе зыян бербейт".

[Сахих (ишенимдүү)] [Муслим жазып калтырган.]

الشرح

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ким болсо да кайсы бир жерге келгенде зыянын тийгизе турган коркунучтуу нерселерден коргой турган пайдалуу коргонууга жол көрсөткөн. Мейли сапарда жүргөндо болсун, же эс алууга чыкканда болсун, мейли башка учурда болсун айырмасы жок. Бул коргонуу: зыяны бар бардык макулуктардын жамандыгынан Аллах Тааланын арткычылыгы, берекеси, пайдасы толук тийе турган, эч кандай айып, кемчилиги жок сөзү менен сактанамын деп коргоо тилөө. Мына ушундай кылса, ал жерден кайра жөнөп кеткенге чейин зыянын тийгизе турган нерсенин баарынан аман болот.

فوائد الحديث

Аллахтан коргоо тилөө деген бул - өзүнчө бир ибадат болуп саналат, ал Аллах менен же Алахтын ысым-сыпаттары менен гана болот.

Аллахтын сөзү менен коргоо тилөөго болот, анткени ал Аллахтын сыпаттарынын бири. Ал эми жаратылган нерселер менен коргоо тилөө мындай эмес, ал ширк болот.

Бул дуба берекелүү жана пазилеттүү.

Зикирлер менен коргонуу пенденин жамандыктан аман болуусуна себеп болот.

Аллахтан башкадан, мисалы, жинден, сыйкырдан, жалганчылардан коргоо тилөө туура эмес, мындай кылууга болбойт.

Сапарда болобу, жайчылыкта болобу ушул дубаны айтуу шариятта көрсөтүлгөн.

التصنيفات

Кокустук иштерде айтылчу зикирлер