إعدادات العرض
Силердин эч кимиңер өзүнө жакшы көргөн нерсени диндеш боордошу үчүн да жакшы көрмөйүнчө ыйманы толук болбойт
Силердин эч кимиңер өзүнө жакшы көргөн нерсени диндеш боордошу үчүн да жакшы көрмөйүнчө ыйманы толук болбойт
Абу Хамза Анас бин Малик, Аллахтын элчисинин кызматчысы (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Силердин эч кимиңер өзүнө жакшы көргөн нерсени диндеш боордошу үчүн да жакшы көрмөйүнчө ыйманы толук болбойт".
الترجمة
العربية Español አማርኛ English اردو Indonesia বাংলা Français Türkçe Русский Bosanski සිංහල हिन्दी 中文 فارسی Tiếng Việt Tagalog Kurdî Hausa Português മലയാളം తెలుగు Kiswahili தமிழ் မြန်မာ ไทย Deutsch 日本語 پښتو অসমীয়া Shqip Svenska Nederlands ગુજરાતી नेपाली Lietuvių دری Српски тоҷикӣ Kinyarwanda Română Magyar Čeština Moore Malagasy Oromoo ಕನ್ನಡ Wolof Azərbaycan O‘zbek Українська ქართული Македонски ភាសាខ្មែរ ਪੰਜਾਬੀ मराठी Kirundi Kurmancî Bahasa Melayu Yaoالشرح
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мусулман адам дүйнө жана акыретке тиешелүү жакшылык иштерде, таат-ибадатта өзүнө жакшы көргөндү диндеш тууганына да жакшы көрмөйүнчө, өзүнө жек көргөндү ага да жек көрмөйүнчө ыйманы толук болбостугун айткан. Эгерде диндеш тууганынын дининде кемчилигин көрсө, аны оңдоого тырышат. Эгер жакшылыкты көрсө, аны улантууга жардам берет. Дүйнө ишинде да, акырет ишинде да насаатын айтып, кеңеш берип турат.فوائد الحديث
Мусулман адам өзүнө жакшы көргөндү диндеш тууганына да жакшы көрүүсү важиб. Өзүнө жакшы көргөндү башкаларга ыраа көрбөгөн адамдын ыйманы толук болбостугу мунун важибтигине далил.
Диндеги боордоштук туугандыктагы боордоштуктан жогору турат. Анын акысы да маанилүүрөөк.
Мындай жакшы көрүүнү жокко чыгара турган иштин баары, мисалы, алдамчылык, ушакчылык, көрө албастык, мусулмандын өзүнө, мал-мүлкүнө, абийирине шек келтирүү ж.б. арам болуп эсептелет.
Ишти аткарууга шык берген сөздөрдү колдонууга болот. "Бир боордошуна" деп айткан сыяктуу.
Кирмани (ага Аллах ырайым кылсын) айтат: өзүнө жек көргөн жаман нерсени диндеш тууганына жек көрүү да ыймандуулуктан. Анткени бир нерсени жакшы көрүү анын тескерисин жек көрүүнү талап кылат.
