إعدادات العرض
Эгерде силер Аллахка чыныгы таваккүль (таянуу) кылганыңарда, Аллах силерге эртең менен курсагы ач чыгып, кечинде курсагы ток кайткан чымчыка ырыскы бергендей…
Эгерде силер Аллахка чыныгы таваккүль (таянуу) кылганыңарда, Аллах силерге эртең менен курсагы ач чыгып, кечинде курсагы ток кайткан чымчыка ырыскы бергендей ырыскы бермек
Умар ибн аль-Хаттаб, радыяллаху анху, риваят кылат. Ал Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, мындай дегенин укту: «Эгерде силер Аллахка чыныгы таваккүль (таянуу) кылганыңарда, Аллах силерге эртең менен курсагы ач чыгып, кечинде курсагы ток кайткан чымчыка ырыскы бергендей ырыскы бермек».
الترجمة
العربية বাংলা Bosanski English Español Français Bahasa Indonesia Русский Türkçe اردو 中文 हिन्दी Kurdî Hausa Português മലയാളം తెలుగు Kiswahili فارسی தமிழ் සිංහල မြန်မာ Deutsch 日本語 پښتو Tiếng Việt অসমীয়া Shqip Svenska Čeština ગુજરાતી አማርኛ Yorùbá Nederlands ئۇيغۇرچە ไทย دری Fulfulde Magyar ಕನ್ನಡ Lietuvių or Română Kinyarwanda Српски O‘zbek Moore नेपाली Malagasy тоҷикӣ Oromoo Wolof Soomaali Български Українська Tagalog Azərbaycan ქართული bm Македонскиالشرح
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, бизди дүйнөлүк жана диний иштерде пайда алып келүү жана зыяндан сактануу үчүн Аллах Таалага таянууга үндөп жатат. Анткени Аруу Аллах Тааладан башка эч ким бере да албайт, тыйып да коё албайт жана зыян да, пайда да жеткире албайт. Качан биз пайда алып келе турган жана зыяндан сактай турган себептерди Аллахка чын ыкластан таянып аткарсак, анда Аллах бизге эртең менен курсагы ач чыгып, кечинде курсагы ток кайткан чымчыкка ырыскы бергендей ырыскы берип коёт. Чымчыктын бул кылганы - башкаларга таянбастан, жалкоолук кылбастан ырыскы издөөдөгү себептердин бир түрү.فوائد الحديث
Чыныгы таваккүль кылуунун пазилети. Чыныгы таваккүль кылуу ырыскы талап кылуудагы эң чоң себептердин бири.
Тобокел кылуу менен себептерди аткаруу бири-бирине каршы келбейт. Анткени чыныгы тобокел кылуу эртең менен жана кечинде ырыскы издөөгө каршы келбестигин кабарланган.
Жүрөктөрдүн амалдарына Ислам шарияты көңүл бурат. Анткени таваккүль кылуу – бул жүрөктүн амалы.
Себептерге гана байлануу – анын дининин кемчилдиги. Ал эми себептерден баш тартуу – акылынын кемчилиги.