Чоң күнөөлөр: Аллахка шерик кошуу, ата-энеге ак болуу, адам өлтүрүү жана жалган ант берүү

Чоң күнөөлөр: Аллахка шерик кошуу, ата-энеге ак болуу, адам өлтүрүү жана жалган ант берүү

Абдуллах бин Амр бин Аль-Аас, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: "Чоң күнөөлөр: Аллахка шерик кошуу, ата-энеге ак болуу, адам өлтүрүү жана жалган ант берүү".

[Сахих (ишенимдүү)] [Бухари жазып калтырган.]

الشرح

Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, бул хадисте чоң күнөөлөрдү баяндап жатат. Ал чоң күнөөлөрдү аткарган адам бул дүйнөдө да, акыретте да катуу азап менен азапталат. Чоң күнөөлөрдүн биринчиси: "Аллахка шерик кошуу". Бул ибадаттын кандай түрүн болсо да Аллахтан башкага арноо жана Аллахтан башканы Аллахтын сыпаттары болгон улухияда, рубубияда, Аллахтын ысым-сыпаттарында Аллах менен теңөө. Экинчиси: Ата-энени нараазы кылуу. Ата-энеге сөз менен болсо да, кыймыл аракет менен болсо да зыян жеткирүү жана аларга жакшылык кылууну таштоо. Үчүнчүсү: Душмандык кылып жана зулумдук менен адам өлтүрүү сыяктуу адилетсиздик менен адам өлтүрүү. Төртүнчүсү: Жалгандан касам ичүү. Бул калп айтып жатканын билип туруп жалгандан касам ичүүсү. Ушул "жалгандан касам ичүү" деп аталат. Анткени ал жалгандан касам ичип жаткан адамды күнөөгө же тозокко батырып салат.

فوائد الحديث

Жалгандан касам ичүү чоң коркунучтуу жана кылмыш болгону үчүн анын каффараты жок, бирок андан тообо кылуу бар.

Хадисте бул төрт чоң күнөөнүн күнөөсүнүн чоңдугуна токтолду, чоң күнөөлөрдү чектөө үчүн токтолгон жок.

Күнөөлөр чоң жана кичине күнөөлөр болуп экиге бөлүнөт. Чоң күнөө - бул худуд жана лиаан (1) айтышуу сыяктуу бул дүйнөдө жазасы бар ар бир күнөө же тозок азабы сыяктуу акыретте жазасы бар күнөө. Албетте чоң күнөөлөрдүн даражалары бар. Чоң күнөөлөрдүн кээ бирлери кээ бирлеринен арамдык жагынан оор. Ал эми чоң күнөөлөрдөн башкалары алар кичине күнөөлөр.

التصنيفات

Күнөөлөрдүн жамандыгы