إعدادات العرض
Ким Аллахка ширк келтирбестен жолукса, анда ал бейишке кирет. Ал эми ким Ага ширк кылган абалда жолукса, анда тозокко кирет
Ким Аллахка ширк келтирбестен жолукса, анда ал бейишке кирет. Ал эми ким Ага ширк кылган абалда жолукса, анда тозокко кирет
Жабир Ибн Абдуллах, радыяллаху анхума, айтты: «Мен Аллахтын Элчисин, саллаллаху алейхи уа салламдын, мындай деп айтканын уктум: «Ким Аллахка ширк келтирбестен жолукса, анда ал бейишке кирет. Ал эми ким Ага ширк кылган абалда жолукса, анда тозокко кирет».
[Сахих (ишенимдүү)] [Муслим жазып калтырган]
الترجمة
العربية বাংলা Bosanski English Español فارسی Français Bahasa Indonesia Türkçe اردو 中文 हिन्दी Tagalog ئۇيغۇرچە Kurdî Hausa Português മലയാളം తెలుగు Kiswahili தமிழ் မြန်မာ Русский Deutsch 日本語 پښتو Tiếng Việt অসমীয়া Shqip Svenska Čeština ગુજરાતી አማርኛ Yorùbá Nederlands සිංහල ไทย دری Български Fulfulde Magyar Italiano ಕನ್ನಡ Lietuvių Malagasy or Română Kinyarwanda тоҷикӣ O‘zbek Akan नेपाली Moore Azərbaycan Wolof Oromoo Soomaali Українська bm km rn ქართული Македонски Српскиالشرح
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, бул хадисте ким ширк кылбаган абалда өлсө, ал кээ бир күнөөсү үчүн тозокто азапталса да анын бара турган жайы бейиш экендигин жана ким ширк кылган абалда өлсө, тозокто түбөлүктүү калаарын кабарлап жатат.فوائد الحديث
Таухидтин пазилети жана ал тозокто түбөлүк калуудан сактайт.
Бейиш жана тозок пендеге жакын. Аны менен пенденин ортосун өлүм гана тосуп турат.
Ширктин көбүнөн да азынан да эскертүү. Анткени тозоктон аман калуу ширктен алыс болууда турат.
Иш-аракеттердин эң акыркы аткарылганы эске алынат.