إعدادات العرض
Чынчыл болгула, анткени чындык жакшылыкка жетелейт, а жакшылык болсо бейишке алып барат
Чынчыл болгула, анткени чындык жакшылыкка жетелейт, а жакшылык болсо бейишке алып барат
Абдуллах бин Масъуд (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Чынчыл болгула, анткени чындык жакшылыкка жетелейт, а жакшылык болсо бейишке алып барат . Адам чындыкты айта берип, чынчылдыкка берилсе, Аллахтын алдында чынчыл деп жазылат. Жалган айтуудан сак болгула, анткени жалган жамандыкка жетелейт, а жамандык болсо тозокко алып барат. Адам жалган айта берип жалганга берилсе, Аллахтын алдында жалганчы деп жазылат".
الترجمة
العربية বাংলা Bosanski English Español فارسی Français Bahasa Indonesia Русский Tagalog Türkçe اردو 中文 हिन्दी Tiếng Việt සිංහල Hausa Kurdî Português தமிழ் አማርኛ অসমীয়া Kiswahili ગુજરાતી Nederlands پښتو नेपाली മലയാളം Svenska ไทย Română Malagasy ಕನ್ನಡ Српски తెలుగుالشرح
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) чынчыл болууга буйруп, чынчыл болуу дайыма ийги иш-амалдарды аткарууга жеткирерин баяндаган. Ал эми жакшы иш-амалдары аны аткарган адамдын бейишке кирүүсүнө себеп болот. Ашкере болобу, жашыруун болобу, дайыма чынчыл болгон адам, өтө чынчыл деген атка татыктуу болот. Андан кийин пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жалган сүйлөөдөн тыйып, эскертти. Анткени, жалганчылык туура жолдон тайдырып, жаман, бузук, күнөө иштерге түртөт. Анан аны тозокко түшүрөт. Жалганчылыгын таштабай улам жалган айта берсе, Аллахтын алдында жалганчы деп жазылат.فوائد الحديث
Чынчылдык, бул - мээнет, аракет менен жете турган жакшы мүнөз. Адам дайыма чын сүйлөп, чынчылдыкка берилсе, чынчылдык анын табиятына айланат да Аллахтын алдында таза, чынчыл деп жазылат.
Жалганчылык да ишинде же сөзүндө уламдан-улам пайда болуп отуруп табигый адатка айлана турган жаман мүнөз. Анан Аллахтын алдында жалганчы деп жазылып калат.
Чынчылдык бул - чындыкты сүйлөөгө айтылат. Чындыктын тескериси ал – жалган айтуу. Ал эми чынчылдык ниетке тиешелүү болсо, анда ал ыкластуулук болуп саналат. Амалга тиешелүү болсо, анда ал ашкере жана жашыруунун бирдей аткаруу. Ошондой эле, коркуудагы, үмүт кылуудагы чынчылдык сыяктуу чынчылдыктар бар. Ушунун баарында чынчыл болгон адам "сыддык" өтө чынчыл деп аталат. Ал эми кээ биринде чынчыл болгон адам "саадык" чынчыл деп аталат.
التصنيفات
Мактоого татыктуу ахлактар