إعدادات العرض
Чынында, ыймандуу адам жакшы кулк-мүнөзү менен (күндүзү) орозо туткан, (түнү) намаз окуган адамдын даражасына жетет
Чынында, ыймандуу адам жакшы кулк-мүнөзү менен (күндүзү) орозо туткан, (түнү) намаз окуган адамдын даражасына жетет
Аиша энебиз (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мынтип айтканын уктум: "Чынында, ыймандуу адам жакшы кулк-мүнөзү менен (күндүзү) орозо туткан, (түнү) намаз окуган адамдын даражасына жетет".
[Сахих бишаваахидихи (башка ишенимдүү айтымдары бар хадис)] [Абу Дауд жана Ахмад жазып калтырган]
الترجمة
العربية বাংলা Bosanski English Español فارسی Français Bahasa Indonesia Русский Tagalog Türkçe اردو 中文 हिन्दी Tiếng Việt සිංහල Kurdî Hausa Português മലയാളം తెలుగు မြန်မာ ไทย Deutsch 日本語 پښتو অসমীয়া Shqip Svenska Čeština ગુજરાતી አማርኛ Yorùbá Nederlands ئۇيغۇرچە Kiswahili தமிழ் دری Fulfulde Magyar Italiano ಕನ್ನಡ Lietuvių Malagasy Română Kinyarwanda नेपाली Српски Soomaali Moore Українська Български Wolof Azərbaycan ქართული тоҷикӣ bm Oromoo Македонскиالشرح
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кулк-мүнөздүн жакшылыгы дайыма күндүзү орозо кармап, түнү намазга туруп жүргөн адамдын даражасына жеткирерин баяндаган. Жакшы кулк-мүнөз жакшылыкты көп кылуу, сылык-сыпаа сүйлөө, маанайын ачык алып жүрүү, эч кимге зыян тийгизбөө жана адамдардын зыянына чыдоо ж.б. ичине алат.فوائد الحديث
Адеп-ахлактуулукка тарбиялоо жана ахлакты толуктоо Ислам камкордугунун улуктугун билдирет.
Жакшы кулк-мүнөздүүлүктүн артыкчалыгы. Пенде жакшы мүнөзү менен ооз ачпаган орозо тутуучунун, чарчабаган намаз окуучунун даражасына жетет.
Күндүзү орозо кармоо, түнү намазга туруу напсиге оор келген иштер, бул экөөнүн даражасына жакшы мамилеге напсисин тарбиялаганы үчүн кулк-мүнөзү жакшы адам гана жете алат.
التصنيفات
Мактоого татыктуу ахлактар