Силердин жакшыңар - ахлагыңар жакшыңар" - деп айтчу

Силердин жакшыңар - ахлагыңар жакшыңар" - деп айтчу

Абдуллах бин Амр (аларга Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жаман сөз сүйлөгөн эмес жана андайга жол берген эмес. Ал: " Силердин жакшыңар - ахлагыңар жакшыңар" - деп айтчу.

[Сахих (ишенимдүү)] [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)]

الشرح

Жаман сүйлөө же жаман иш кылуу пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ахлагынан эмес. Ал мындайды максат да кылган эмес, мындайга макул да болгон эмес. Ал (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) өтө көркөм кулктун ээси болгон. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчыгы жана мактоосу болсун): Аллахтын алдында силердин жакшырагыңар - кулк-мүнөзү жакшыңар - деп айтчу. Б.а. жакшылыкты көп кылган, жүзү жарык, эч кимге зыянын тийгизбеген жана адамдарга сылык-сыпаа мамиле кылган адам.

فوائد الحديث

Ыймандуу адам жаман сөз сүйлөөдөн жана жаман иштен алыс болуусу зарыл.

Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кулк-мүнөзү толук болчу. Ал жалаң гана жакшы амалдарды жасап, жагымдуу сөздөрдү сүйлөчү.

Мүнөздүн жакшылыгы атаандаша турган иш, ким алдыга озсо, ал ыймандуулардын жакшысы жана ыйманы толугу болот.

التصنيفات

Мактоого татыктуу ахлактар