إعدادات العرض
Сатканда, сатып алганда жана өз акысын талап кылганда жоомарт адамды Аллах ырайымына алсын
Сатканда, сатып алганда жана өз акысын талап кылганда жоомарт адамды Аллах ырайымына алсын
Жабир, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты. «Сатканда, сатып алганда жана өз акысын талап кылганда жоомарт адамды Аллах ырайымына алсын».
[Сахих (ишенимдүү)] [Бухари жазып калтырган]
الترجمة
العربية বাংলা Bosanski English Español فارسی Français Bahasa Indonesia Русский Tagalog Türkçe اردو 中文 हिन्दी සිංහල ئۇيغۇرچە Kurdî Hausa Português മലയാളം తెలుగు မြန်မာ Deutsch 日本語 پښتو Tiếng Việt অসমীয়া Shqip Svenska Čeština ગુજરાતી አማርኛ Yorùbá Nederlands Kiswahili தமிழ் ไทย دری Български Fulfulde Magyar Italiano ಕನ್ನಡ Lietuvių Malagasy or Română Kinyarwanda тоҷикӣ O‘zbek Akan नेपाली Moore Azərbaycan Wolof Oromoo Soomaali Українська km bm rn ქართული Македонски Српскиالشرح
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, соода-сатыкта жеңил, кечиримдүү жана берешен болгон адамга ырайым тилеп дуба кылды. Ал адам кардарга бааны көтөрбөстөн, ага жакшы кулк-мүнөз менен сылык мамиле кылышы керек. Эгерде сатып алчу болсо, анда товардын баасын төмөндөтпөй жана арзандатпай жеңил, жоомарт, берешендик менен сатып алсын. Карыздарын талап кылганда карыздар адам кедей же муктаж болсо, анда ага оор мамиле кылбай, жумшак жана сылык мамиле кылыш керек. Эгерде карызын төлөй албаса, анда ага кошумча убакыт берип күтүү керек.فوائد الحديث
Адамдардын ортосундагы өз ара мамилелерин оңдоочу нерселерди сактоо - бул шарияттын негизги максаттарынын бири.
Адамдардын ортосундагы соода сатык сыяктуу өз ара мамилелеринде жакшы адеп-ахлак менен мамиле кылууга үндөө керек.
التصنيفات
Мактоого татыктуу ахлактар