Дуба – бул ибадат» – деп айткан соң (Курандын бул аятын) окуду: «Мага дуба кылгыла, силерге жооп беремин. Чындыгында, Мага ибадат кылуудан текеберленген адамдар кор…

Дуба – бул ибадат» – деп айткан соң (Курандын бул аятын) окуду: «Мага дуба кылгыла, силерге жооп беремин. Чындыгында, Мага ибадат кылуудан текеберленген адамдар кор болгон абалда тозокко киришет». (Гафир, 60-аят)

Ан-Нуман бин Башир (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте ал айтты: «Мен Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деп айтканын уктум: «Дуба – бул ибадат» – деп айткан соң (Курандын бул аятын) окуду: «Мага дуба кылгыла, силерге жооп беремин. Чындыгында, Мага ибадат кылуудан текеберленген адамдар кор болгон абалда тозокко киришет». (Гафир, 60-аят)

[Сахих (ишенимдүү)] [Абу Дауд, ат-Тирмизи, Ибн Маажа жана Ахмад жазып калтырган]

الشرح

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) дуба ибадат экенин кабар берди. Дуба жалаң гана Аллах үчүн болушу керек. Мейли ал дуба сурануу жана талап кылуу дубасы болсун, Аллах Тааладан өзүнө пайда алып келе турган нерсени суроо менен жана бул дүйнөдө жана акыретте зыян келтирүүчү нерселерден коргоонуну талап кылуу менен болот. Мейли ал дуба ибадат дубасы болсун, жалаң гана Аллах үчүн болушу керек. Ибадат дубасы - бул Аллах Таала сүйгөн жана ыраазы болгон бардык сөздөр жана иш-аракеттер, сырткы жана ички иш-аракеттер жана жүрөктүн ибадаттары, дененин ибадаттары жана мал-мүлк менен болгон ибадарттар болуп саналат. Андан кийин Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ушуга Аллах Тааланын бул сөзүн далил кылды: «Мага дуба кылгыла, силерге жооп беремин. Чындыгында, Мага ибадат кылуудан текеберленген адамдар кор болгон абалда тозокко киришет».

فوائد الحديث

Дуба бул ибадаттын негизи. Аллахтан башкага дуба кылууга болбойт.

Дуба - чыныгы кулчулук экенин, Аллахтын эч кимге муктаж эместигин, Анын кудуреттүү экенин жана пенденин Ага гана муктаждыгын моюнга алууну камтыйт.

Катуу азап – бул Аллахка ибадат кылуудан жана Ага дуба кылууну таштап текеберленген адамдардын жазасы. Аллахка дуба кылуудан текеберленгендер тозокко кор болгон абалда жана жийиркеничтүү абалда киришет.

التصنيفات

Дуба кылуунун артыкчылыктары