?Беш убак намаз бири-бирине чейинки, жума намазы келерки жумага чейинки, Рамазан айы келерки Рамазан айына чейинки кичине күнөөлөрдүн кечирилишине себеп болот,…

?Беш убак намаз бири-бирине чейинки, жума намазы келерки жумага чейинки, Рамазан айы келерки Рамазан айына чейинки кичине күнөөлөрдүн кечирилишине себеп болот, эгерде чоң күнөөлөрдөн алыс болсо

Абу Хурайра, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, мындай деп айткан эле: «Беш убак намаз бири-бирине чейинки, жума намазы келерки жумага чейинки, Рамазан айы келерки Рамазан айына чейинки кичине күнөөлөрдүн кечирилишине себеп болот, эгерде чоң күнөөлөрдөн алыс болсо».

[Сахих (ишенимдүү)] [Муслим жазып калтырган.]

الشرح

Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, чоң күнөөлөрдөн алыс болуу шарты менен бир күндөгү беш убак парз намаздардын ортосундагы, ар бир аптадагы жума намазы менен кийинки жума намазын ортосундагы жана жыл сайын рамазан айындагы орозо менен кийинки орозонун ортосундагы кичине күнөөлөрдүн кечирилишин кабарлап жатат. Ал эми зына жана арак ичүү, ж.б.у.с. чоң күнөөлөр тооба менен гана кечирилет.

فوائد الحديث

Күнөөлөр чоң жана кичине болуп бөлүнөт.

Чоң күнөөлөрдөн алыс болуу шарты менен гана кичине күнөөлөр кечирилет.

Чоң күнөө - бул дүйнөдө анын жазасы баяндалган. Акыретте анын азапталышы тууралуу жана Аллахтын ага ачуулануусу тууралуу убада келген. Аны кылган адамга экертүү керек же ал Аллахтын каргышына калат. Чоң күнөөлөр зына же арак ичуу, ж.б.у.с.

التصنيفات

Артыкчылыктар жана адептер, Жакшы иш-амалдардын артыкчылыктары, Намаздын артыкчылктары