Эң жакшы зикир «лаа илааха иллаллах», жана эң жакшы дуба «алхамду лиллах

Эң жакшы зикир «лаа илааха иллаллах», жана эң жакшы дуба «алхамду лиллах

Жабир (Аллах андан ыраазы болсун) айтты: Мен Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деп айтканын уктум: «Эң жакшы зикир «лаа илааха иллаллах», жана эң жакшы дуба «алхамду лиллах».

[Хасан (жакшы)] [Ат-Тирмизи менен ан-Насааи "ал-Кубро" китебинде жазып калтырган жана Ибн Маажа да жазып калтырган]

الشرح

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Зикирдин эң жакшысы "лаа илааха иллаллах". Мааниси: Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок. Эң жакшы дуба «алхамдулиллах». Анын мааниси: Аллах Таала гана нээматтарды берүүчү жана Анын Кемчиликсиз, Кооз сыпаттарга татыктуулугун моюнга алуу керек экендигин кабар берип жатат.

فوائد الحديث

Аллахты таухид келимесин айтып жана Ага мактоо айтып дуба кылуу менен көп-көп эстеп зикир кылууга кызыктыруу.

التصنيفات

Жалпы зикирлер