Абдулла бин Умар, радыяллаху анхума, айтты: Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, бир кишинин бир тууганына уяттуулугу үчүн жемелеп жатканын угуп: «Уяттуулук ыймандан» - деди.

[Сахих (ишенимдүү)] [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)]

الشرح

Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, бир кишинин бир тууганына ашыкча уялчаактыгын таштоосун насаат кылганын укту. Андан кийин, ага уяттуулук ыймандын бир бөлүгү экенин жана ал жакшылык гана алып келерин түшүндүрдү. Уяттуулук – бул жакшы иш-аракеттерди аткарууга жана жаман иш-аракеттерди таштоого түрткү болгон адеп.

فوائد الحديث

Жакшылыктан тоскон нерсе уяттуулук эмес. Тескерисинче, ал тартынуу, алсыздык, текебердик жана коркоктук деп аталат.

Аллах Тааладан уялуу - бул Анын буюруганын аткаруу жана Ал тыйган нерселерди таштоо менен болот.

Адамдардан уялуу – бул аларды урматтоо, аларды коомчулуктагы ордуна коюу жана адаттагы жийиркеничтүү нерселерден алыс болуу менен болот.

التصنيفات

Мактоого татыктуу ахлактар