إعدادات العرض
Силерге чоң күнөөлөрдүн эң оору жөнүндө кабар берейинби?"- деп үч жолу айтты. Ошондо сахабалар: "Ооба, оо, Аллахтын Элчиси!" - дешти. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы…
Силерге чоң күнөөлөрдүн эң оору жөнүндө кабар берейинби?"- деп үч жолу айтты. Ошондо сахабалар: "Ооба, оо, Аллахтын Элчиси!" - дешти. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: "Аллахка шерик кошуу жана ата-энени нараазы кылуу". Ошондо Пайгамбар жөлөнүп жаткан жеринен отура калып: "Жалган күбөлүк берүү!" - деп кайра-кайра айтып, биз: "Токтотсо экен" дегенге чейин кайталай берди
Абу Бакра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: "Силерге чоң күнөөлөрдүн эң оору жөнүндө кабар берейинби?"- деп үч жолу айтты. Ошондо сахабалар: "Ооба, оо, Аллахтын Элчиси!" - дешти. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: "Аллахка шерик кошуу жана ата-энени нараазы кылуу". Ошондо Пайгамбар жөлөнүп жаткан жеринен отура калып: "Жалган күбөлүк берүү!" - деп кайра-кайра айтып, биз: "Токтотсо экен" дегенге чейин кайталай берди".
الترجمة
العربية Bosanski English Español فارسی Français Indonesia Русский Türkçe اردو 中文 हिन्दी বাংলা Kurdî Hausa Português മലയാളം తెలుగు Kiswahili தமிழ் සිංහල မြန်မာ Deutsch 日本語 پښتو Tiếng Việt অসমীয়া Shqip Svenska Čeština ગુજરાતી Yorùbá Nederlands ئۇيغۇرچە دری Lietuvių Kinyarwanda नेपाली ಕನ್ನಡ Română Wolof Soomaali Српски Moore Українська Български Tagalog Azərbaycan ქართული Magyar Македонски Bambara አማርኛ Italiano Malagasy Oromoo ភាសាខ្មែរ ไทย मराठी ਪੰਜਾਬੀ O‘zbek тоҷикӣ Yaoالشرح
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сахабаларына күнөөлөрдүн эң чоңу жөнүндө кабар берип жатып, бул үчөөнү айтты: 1. Аллахка шерик кошуу деген - ал ибадаттын кандай түрүн болсо да Аллахтан башкага кылуу жана Аллахтан башканы улухияда, рубубияда, Аллахтын ысым-сыпаттарында Аллах менен теңөө болуп саналат. 2. Ата-энени нараазы кылуу - бул ата-энеге сөз менен болсо да, кыймыл аракет менен болсо да зыян жеткирүү жана аларга жакшылык кылууну таштоо. 3. Жалган күбөлүк берүү жана жалгандан күбөлүккө өтүү. Бул акчасын алып, ар-намысына шек келтирип, же башка ушул сыяктуу нерселер менен айыпка жыгып каралоо максатында жалган айтылган сөздөр. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бир нече жолу жалгандан күбөлүк берүүдөн кайра-кайра эскертип, анын жамандыгынан жана анын коомго тийгизген терс таасиринен эскертип жатканда Сахабалар Пайгамбарга боорлору ооруп, аны кыйнаган нерсени жек көрүшүп: «Пайгамбар токтосо экен» деп айтышты.فوائد الحديث
Эң чоң күнөө – бул Аллахка ширк кылуу. Анткени Аллах Таала аны чоң күнөөлөрдүн башаты жана күнөөлөрдүн эң чоңу экенин баяндап, бул сөзүндө бекемдеди: "Албетте, Аллах Өзүнө шерик кошулуусун кечирбейт. Мындан башка күнөөнү Өзү каалаган пендесинен кечирет".
Ата-эненин акысынын улуулугу. Анткени Пайгамбар алардын акыларын Аллах Тааланын акысы менен бирге айтты.
Күнөөлөр чоң жана кичине күнөөлөр болуп экиге бөлүнөт. Чоң күнөө - бул худуд жана каргыш айтышуу (1) сыяктуу бул дүйнөдө жазасы бар ар бир күнөө же тозок азабы сыяктуу акыретте жазасы бар күнөө. Албетте чоң күнөөлөрдүн даражалары бар. Чоң күнөөлөрдүн кээ бирлери кээ бирлеринен арамдык жагынан оор. Ал эми чоң күнөөлөрдөн башкалары алар кичине күнөөлөр.
