Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жыттуу атырлар (белекке берилсе) кайтарбайт эле

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жыттуу атырлар (белекке берилсе) кайтарбайт эле

Анас бин Малик (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жыттуу атырлар (белекке берилсе) кайтарбайт эле.

[Сахих (ишенимдүү)] [Бухари жазып калтырган.]

الشرح

Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сүннөт жолдорунун бири - ага жыттуу нерсе белек берилсе аны кайтарбай алганы. Анткени, аны алып жүрүү жеңил жана жыты сонун.

فوائد الحديث

Белекке берилген жыттуу нерсени кабыл кылуу жакшы.

Жыттуу нерсени кайтарбаганы жана берилген белекти кабыл кылганы пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кулк-мүнөзүнүн жакшылыгы жана толуктугу.

Жыттуу атырларды колдонууга кызыктыруу.

التصنيفات

Зыярат кылуунун жана уруксат суроонун адептери