Мээримдүүлөргө Мээримдүү Зат ырайым кылат. Жер жүзүндөгүлөргө ырайым кылгыла, силерге асмандагы Зат ырайым кылат

Мээримдүүлөргө Мээримдүү Зат ырайым кылат. Жер жүзүндөгүлөргө ырайым кылгыла, силерге асмандагы Зат ырайым кылат

Абдулла бин Амр (Аллах алардан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: "Мээримдүүлөргө Мээримдүү Зат ырайым кылат. Жер жүзүндөгүлөргө ырайым кылгыла, силерге асмандагы Зат ырайым кылат".

[Сахих (ишенимдүү)] [Абу Дауд, ат-Тирмизи жана Ахмад жазып калтырган]

الشرح

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) башкаларга ырайым кылгандарды Мээримдүү Аллах ырайым кылаарын түшүндүрүп жатат. Бардык нерсени камтыган Анын ырайымдуулугу жетиштүү сыйлык. Андан кийин Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жер жүзүндөгү бардык адамдарга, айбанаттарга, канаттууларга жана башка бардык жаратылгандарга ырайым кылууну буйруду. Мунун сообу – асмандардын үстүнөн Аллахтын силерге ырайым кылуусу.

فوائد الحديث

Ислам дини мээримдүүлүктүн дини. Ал толугу менен Аллахка ибадат кылууга жана жаратылгандарга жакшылык кылууга негизделген.

Аллах Таала ырайымдуулук менен сыпатталган. Ал бардык айып-кемчиликтерден Аруу, Мээримдүү, Ырайымдуу жана Өз пенделерине ырайым кылуучу.

Иш-аракеттердин түрүнө жараша сооп-сыйлык же жаза болот. Ырайымдууларды Аллах ырайымына алат.

التصنيفات

Аллахты Анын ысым жана сыпаттарында жалгыздоо, Мактоого татыктуу ахлактар