إعدادات العرض
Субхан Аллоохи, валхамду лиллаахи, ва лаа илааха иллаллооху, валлааху акбар" деп айтуу мен үчүн күн нуру тийген нерсенин баарынан жакшы
Субхан Аллоохи, валхамду лиллаахи, ва лаа илааха иллаллооху, валлааху акбар" деп айтуу мен үчүн күн нуру тийген нерсенин баарынан жакшы
Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мынтип айткан: "Субхан Аллоохи, валхамду лиллаахи, ва лаа илааха иллаллооху, валлааху акбар" деп айтуу мен үчүн күн нуру тийген нерсенин баарынан жакшы".
[Сахих (ишенимдүү)] [Муслим жазып калтырган]
الترجمة
العربية Bosanski English فارسی Français Bahasa Indonesia Русский Türkçe اردو 中文 हिन्दी বাংলা Español Kurdî Hausa Português മലയാളം తెలుగు Kiswahili தமிழ் සිංහල မြန်မာ ไทย Deutsch 日本語 پښتو Tiếng Việt অসমীয়া Shqip Svenska Čeština ગુજરાતી አማርኛ Yorùbá Nederlands ئۇيغۇرچە دری Magyar Italiano ಕನ್ನಡ Lietuvių Malagasy Română Kinyarwanda नेपाली Српски Soomaali Moore Українська Български Tagalog Wolof Azərbaycan ქართული тоҷикӣ bm Македонскиالشرح
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ушул улук сөздөр менен Аллах Тааланы зикир кылуу дүйнө жана андагынын баарынан жакшы экендигин айткан. Бул сөздөр: "Субхан Аллоохи": Аллах Тааланы бардык кемчиликтерден таза деп аруулоо. "Алхамду лиллаахи": Улуктоо жана махабат менен бирге Аллах Тааланы толук сыпаттары менен мактоо. "Лаа илааха иллаллооху": Аллахтан башка ибадатка татыктуу кудай жок. "Аллаху акбар": Бардык нерседен улук, чоң.فوائد الحديث
Аллахты зикир кылууга кызыктыруу, анткени зикир күн тийген нерсенин баарынан артык.
Сообу жана артыкчылыктары көп болгону үчүн зикирди көбөйтүү зарыл.
Дүйнөнүн пайдаланчу нерселери аз жана анын ырахаты да убактылуу.
التصنيفات
Жалпы зикирлер