?Кимдир бирөө бир тууганын үч түндөн ашык жүз буруп таштап коюусу туура эмес. Ошентип, ал мындан жүз бурат, бул андан жүз бурат. Алардын эң жакшысы саламды биринчи…

?Кимдир бирөө бир тууганын үч түндөн ашык жүз буруп таштап коюусу туура эмес. Ошентип, ал мындан жүз бурат, бул андан жүз бурат. Алардын эң жакшысы саламды биринчи баштаганы болот

Абу Айюб Аль-Ансари, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Кимдир бирөө бир тууганын үч түндөн ашык жүз буруп таштап коюусу туура эмес. Ошентип, ал мындан жүз бурат, бул андан жүз бурат. Алардын эң жакшысы саламды биринчи баштаганы болот».

[Сахих (ишенимдүү)] [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)]

الشرح

Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, мусулман бир тууганын үч күндөн ашык таштап, бири-бири менен жолукканда саламдашпай жана сүйлөшпөй коюуларына тыюу салган. Бул эки урушкан адамдардын эң жакшысы – жүз буруп таштап коюуну таштоого аракет кылганы жана саламды биринчи баштаганы. Бул жерде таштоо дегени – напси үчүн таштоо. Ал эми Аллах Тааланын акысы үчүн таштоо – бул Аллахка баш ийбегендерди, бидъатчыларды жана жаман досторду таштоо. Бул таштоо убактылуу эмес. Тескерисинче, таштоонун пайдасына байланган. Эгерде аларга таштоо пайда берсе, анда тоштоону четке кагып мамиле кыла берет.

فوائد الحديث

Адамдын табиятын эске алуу менен үч күн же андан аз убакыттын ичинде жүз буруп таштап коюу уруксат. Капачылык кетүүсү үчүн үч күн жүз буруп таштап коюу кечирилген.

Салам айтуунун пазилети көп. Ал салам айтуу напсиге тийген такты кетирет жана ал жакшы көрүүнүн белгиси.

Ислам дини мусулмандардын ортосундагы бир туугандыкка жана ынак мамилеге кызыктырат.

التصنيفات

Артыкчылыктар жана адептер, Хижра жана анын шарттары, Учурашуу жана уруксат суроонун адептери