إعدادات العرض
Кимде-ким Аллахка жана акырет күнүнө ыйман келтирсе, анда жакшылыкты сүйлөсүн же унчукпасын. Кимде-ким Аллахка жана акырет күнүнө ыйман келтирсе, анда кошунасын…
Кимде-ким Аллахка жана акырет күнүнө ыйман келтирсе, анда жакшылыкты сүйлөсүн же унчукпасын. Кимде-ким Аллахка жана акырет күнүнө ыйман келтирсе, анда кошунасын сыйласын. Кимде-ким Аллахка жана акырет күнүнө ыйман келтирсе, анда коногун сыйласын
Абу Хурайра, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Кимде-ким Аллахка жана акырет күнүнө ыйман келтирсе, анда жакшылыкты сүйлөсүн же унчукпасын. Кимде-ким Аллахка жана акырет күнүнө ыйман келтирсе, анда кошунасын сыйласын. Кимде-ким Аллахка жана акырет күнүнө ыйман келтирсе, анда коногун сыйласын».
الترجمة
العربية বাংলা Bosanski English Español فارسی Français Bahasa Indonesia Русский Tagalog Türkçe اردو 中文 हिन्दी ئۇيغۇرچە Kurdî Hausa Português മലയാളം తెలుగు Kiswahili မြန်မာ Deutsch 日本語 پښتو Tiếng Việt অসমীয়া Shqip Svenska Čeština ગુજરાતી አማርኛ Yorùbá Nederlands සිංහල தமிழ் ไทย دری Fulfulde Magyar ಕನ್ನಡ Lietuvių or Română Kinyarwanda Српски O‘zbek Moore नेपाली Oromoo Wolof Soomaali Български Українська Azərbaycan ქართული тоҷикӣ bm Македонски Malagasyالشرح
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, Аллахка жана кайтып бара турган жана аткарган иш-аракеттерине жараша сыйлык ала турган акырет күнүнө ыйман келтирген пендени ыйманы төмөнкү сыпаттарды аткарууга үндөй турганын баяндады. Алар: Биринчиси: Аллахка тасбих жана тахлил айтуудан турган жакшы сөз, жакшылыкка буюруп, жамандыктан кайтаруу, араздашкан адамдарды жараштыруу. Эгерде андай кыла албаса, анда унчукпай, ага жамандык кылууну токтотуп, тилин сакташы керек Экинчиси: кошунаны урматтоо, ага жакшылык кылуу жана ага зыян келтирбөө. Үчүнчүсү: Зыяратка келген конокту сыйлоо, ага жакшы сөз айтуу жана ага тамак берүү ж.б.فوائد الحديث
Аллахка жана акырет күнүнө ыйман келтирүү бардык жакшылыктардын негизи жана ал жакшылык кылуу үчүн жиберилген.
Тилдин бузулуусунан сактануу.
Ислам дини карым-катыштыктын жана берешендиктин дини.
Бул сыпаттар ыймандын бутактарынан жана мактоого татыктуу адептерден.
Ашыкча сүйлөө макрух же арам нерсеге алып келиши мүмкүн. Ал эми саламат болуу - бул жакшыдан башканы сүйлөбөөдө.
التصنيفات
Мактоого татыктуу ахлактар