"Мен Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кол астындагы бала элем. (Тамактанууда) колум табактын ар тарабына кетет эле. Ошондо Аллахтын…

"Мен Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кол астындагы бала элем. (Тамактанууда) колум табактын ар тарабына кетет эле. Ошондо Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мага: "Эй, бала! Бисмиллах" - деп, Аллахтын атын ата. Оң колуң менен жана өз алдыңдан жегин!" – деп айтты. Мен ошондон бери (Аллахтын Элчиси үйрөткөндөй) тамактанам".*@

Умар бин Абу Салама (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылып мындай деп айтты: "Мен Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кол астындагы бала элем. (Тамактанууда) колум табактын ар тарабына кетет эле. Ошондо Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мага: "Эй, бала! Бисмиллах" - деп, Аллахтын атын ата. Оң колуң менен жана өз алдыңдан жегин!" – деп айтты. Мен ошондон бери (Аллахтын Элчиси үйрөткөндөй) тамактанам".

[Сахих (ишенимдүү)] [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)]

الشرح

Умар бин Аби Салама (Аллах алардан ыраазы болсун) Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аялы Умму Саламанын уулу, мындай деп кабарлап жатат. Ал Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) тарбиясында жана камкордугунда болгон. Ал тамак ичип жаткан учурда тамакты алуу үчүн колун идиштин ар тарабына сунчу. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ага тамактануунун үч эрежесин үйрөттү. Биринчиси: Тамактанып баштаганда "бисмиллах" деп айтуу. Экинчиси: оң кол менен тамактануу. Үчүнчүсү: Өзүнө жакын тараптан тамактануу.

فوائد الحديث

Жеп-ичүүнүн адептеринин бири – башында "бисмиллах" деп айтуу.

Өзгөчө кароосунда болгон эркек балдарга адептерди үйрөтүү.

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жаш өспүрүмдөрдү тарбиялоодо жана аларга адептерди үйрөтүүдө боорукер жана кең пейил болгон.

Тамак-аштын адептеринин бири – адам тамак-ашты өз алдынан алуу. Эгерде дасторкондо ар түрдүү нерселер болсо, анда андан каалагандай алса болот.

Сахабалар Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) үйрөткөн адептерин бекем кармашкан. Муну Умардын (Аллах андан ыраазы болсун) : "Мен ошондон бери (Аллахтын Элчиси үйрөткөндөй) тамактанам" - деген сөзүнөн билүүгө болот.

التصنيفات

Тамактануунун жана суусундук ичүүнүн адептери