Күрөшкөн күчтүү эмес. Ачууланганда өзүн кармай билген күчтүү

Күрөшкөн күчтүү эмес. Ачууланганда өзүн кармай билген күчтүү

Абу Хурайра, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Күрөшкөн күчтүү эмес. Ачууланганда өзүн кармай билген күчтүү».

[Сахих (ишенимдүү)] [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)]

الشرح

Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, чыныгы күч дененин күчү эмес же башка билеги күчтүүнү жеңген адам күчтүү эмес. Тескерисинче, ачууланганда өзүн кармап напсиге каршы күрөшүп, ачуусун баскан күчтүү экенин баяндап жатат. Анткени, анда өзүн башкара ала турган күч жана шайтанга үстөмдүк кыла ала турган күч бар экендигин көрсөтүп турат.

فوائد الحديث

Ачууланганда сабырдуулуктун жана өзүн кармануунун пазилети жана бул Ислам үндөгөн жакшы иштердин бири экендиги айтылды.

Ачууланганда напси менен күрөшүү - душманга каршы күрөшүүдөн күчтүү.

Ислам наадандыктагы күчкө ээ болуунун түшүнүгүн жакшы адеп-ахлакка айлантты. Ошондуктан эң күчтүү адам – бул өз напсисин башкарган адам.

Ачуулануудан баш тартуу. Анткени ал жеке адамдарга жана коомго зыян келтирүүгө себеп болот.

التصنيفات

Мактоого татыктуу ахлактар