Чындыгында, Аллах силердин келбетиңерге жана байлыгыңарга карабайт, бирок жүрөгүңөргө жана иш-аракетиңерге карайт

Чындыгында, Аллах силердин келбетиңерге жана байлыгыңарга карабайт, бирок жүрөгүңөргө жана иш-аракетиңерге карайт

Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: «Чындыгында, Аллах силердин келбетиңерге жана байлыгыңарга карабайт, бирок жүрөгүңөргө жана иш-аракетиңерге карайт».

[Сахих (ишенимдүү)] [Муслим жазып калтырган]

الشرح

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллах Тааланын пенделеринин келбеттерине, алардын денелерине, алар сулуубу же сулуу эмесби, бул чоңбу же кичинеби, же ден соолугу тазабы же оорулуубу? - деп карабай турганын баяндады. Жана Аллах алардын акчасынын аз же көп экендигине карабайт. Аллах Таала пенделерин бул иштерден жана алардагы айырмачылыктары үчүн аларды азаптабайт. Бирок Аллах алардын жүрөктөрүнө жана жүрөктөрүндөгү такыбалыкка, ишеничке, чынчылдыкка, ыкластуулукка, же жоро көрсүн жана эл уксун деген максатына карайт.

فوائد الحديث

Жүрөктү оңдоого кам көрүү жана аны ар кандай жаман сыпаттардан тазалоо.

Жүрөк ыкластуулук менен оңолот, ал эми иш-аракеттер Пайгамбарды (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ээрчүү менен оңолот. Аллах Тааланын алдында ушул экөөсү эске алынат жана аларга көңүл бурулат.

Адам акчасына, сулуулугуна, денесине жана бул дүйнөнүн көрүнүштөрүнө алданбашы керек.

Ички дүйнөнү оңдобостон, сырткы көрүнүшкө таянып калуудан эскертүү.

التصنيفات

Аллахты Анын ысым жана сыпаттарында жалгыздоо, Жүрөк амалдары