Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) алдына бир киши келип: «Менин улоом өлүп калды, мага мени мингизип алып жүргөнү улоо берчи» десе,…

Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) алдына бир киши келип: «Менин улоом өлүп калды, мага мени мингизип алып жүргөнү улоо берчи» десе, Пайгамбар ага: «Менде жок» - деди. Башка бир киши: «Оо, Аллахтын Элчиси, мен ага аны ким мингизип аларын көрсөтөм» - деди. Ошондо Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): «Ким жакшылыкка жол көрсөтсө, анда ага аны аткарган адамдын сообундай сооп болот» - деп айтты.*@

Абу Масууд Аль-Ансари, радыяллаху анху, айтты: Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) алдына бир киши келип: «Менин улоом өлүп калды, мага мени мингизип алып жүргөнү улоо берчи» десе, Пайгамбар ага: «Менде жок» - деди. Башка бир киши: «Оо, Аллахтын Элчиси, мен ага аны ким мингизип аларын көрсөтөм» - деди. Ошондо Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): «Ким жакшылыкка жол көрсөтсө, анда ага аны аткарган адамдын сообундай сооп болот» - деп айтты.

[Сахих (ишенимдүү)] [Муслим жазып калтырган]

الشرح

Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламга, бир киши келип: «Менин төөм өлүп калды, мени мингизип алып кеткени мага бир улоо бергиле» - деди. Ошондо, Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, андан үзүр сурады, анткени аны мингизе турган эч нерсеси жок болчу. Ошол жерде турган бир адам айтты: «Оо, Аллахтын Элчиси, мен аны ким мингизээрин айтам» - деди. Ошондо Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) садака бергендин сообуна шерик болорун айтты. Анткени ал муктажга жардам берүүчү адамды көрсөтүп койду.

فوائد الحديث

Жакшылыкты көрсөтүүгө кызыктыруу.

Жакшылыкка үндөө – мусулман коомчулугунун ынтымагын жана бири-биринин кемчилигин толуктоо себептеринин бири.

Аллах Тааланын пазилети кең.

Хадисте жалпы эреже бар. Ошондуктан ага бардык жакшы амалдар кирет.

Эгер адам суроочунун каалоосун орундата албаса, анда анын суроосун орундата турган башка бирөөнү көрсөтүү керек.

التصنيفات

Мактоого татыктуу ахлактар