?Тилге жеңил, таразада оор жана Ырайымдуу (Аллахка) сүйүктүү болгон эки сөз бар. Ал: «Субханаллахиль-азыими, Субханаллахи уа бихамдихих

?Тилге жеңил, таразада оор жана Ырайымдуу (Аллахка) сүйүктүү болгон эки сөз бар. Ал: «Субханаллахиль-азыими, Субханаллахи уа бихамдихих

Абу Хурайра, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Тилге жеңил, таразада оор жана Ырайымдуу (Аллахка) сүйүктүү болгон эки сөз бар. Ал: «Субханаллахиль-азыими, Субханаллахи уа бихамдихих».

[Сахих (ишенимдүү)] [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)]

الشرح

Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, адам эч кыйынчылыксыз, ар кандай абалда да айта турган эки сөздү, алардын таразада чоң сооптуу экенин жана Раббибиз, Мээримдүү, Улуу Аллах Таала аларды жакшы көрөрүн айтты. Алар: «Субханаллахиль-азиим, Субханаллахи уа бихамдихих». Бул эки сөз Аллахтын улуу жана кемчиликсиз деген сыпаттарын жана Улуу Аллах Тааланын бардык кемчиликтерден аруу экенин камтып алган сөз.

فوائد الحديث

Эң улуу зикир – анда Аллахка мактоо-шүгүр айтуу жана Аны бардык айып-кемчиликтерден аруулоо чогуу келет.

Аллахтын пенделерине болгон ырайымынын кеңдиги баяндалып жатат.

التصنيفات

Жалпы зикирлер