Ким Аллахтын китебинен бир тамга окуса, ал үчүн ага бир жакшылык он барабар болуп жазылат

Ким Аллахтын китебинен бир тамга окуса, ал үчүн ага бир жакшылык он барабар болуп жазылат

Абдуллах бин Масъуд (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мынтип айткан: "Ким Аллахтын китебинен бир тамга окуса, ал үчүн ага бир жакшылык он барабар болуп жазылат. "Алиф, лам, мим" бир тамга деп айтпайм, бирок "алиф" бир тамга, "лам" бир тамга жана "мим" бир тамга".

[Сахих (ишенимдүү)] [Ат-Тирмизи жазып калтырган.]

الشرح

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ар бир мусулман Аллахтын китебинен бир тамга окуса, ал үчүн бир жакшылык жазыларын, ал жакшылык он эсеге көбөйтүлөрүн кабарлаган. Кийин аны мынтип баяндады: ("Алиф, лам, мим" бир тамга деп айтпайм, бирок "алиф" бир тамга, "лам" бир тамга жана "мим" бир тамга"): ошондо үч тамга болуп, ага отуз жакшылык жазылат.

فوائد الحديث

Куранды көбүрөөк тилават кылып окууга кызыктырган.

Ар бир сөздүн ар бир тамгасы үчүн окуган окуучуга он эсеге көбөйтүлгөн жакшылык болот.

Аллах Тааланын ырайымынын жана берешендигинин кенендиги айтылган, пенденин сообунун артыкчылыгы жана берешендиги менен эселеп көбөйтөт.

Курандын башка сөздөрдөн артыкчылыгы жана аны окуунун ибадат улуулугу айтылды. Анткени ал Аллах Тааланын сөзү.

التصنيفات

Куранга көңүл буруунун артыкчылыгы, Куранга көңүл буруунун артыкчылыгы, Ыйык Курандын артыкчылыктары, Ыйык Курандын артыкчылыктары