«Чындыгында, иш-аракеттер ниетке жараша болот. Ар бир адам ниет кылганына жетет. Кимдин хижраты Аллах жана Анын Элчиси үчүн болсо, анда анын хижраты Аллах жана Анын…

«Чындыгында, иш-аракеттер ниетке жараша болот. Ар бир адам ниет кылганына жетет. Кимдин хижраты Аллах жана Анын Элчиси үчүн болсо, анда анын хижраты Аллах жана Анын элчиси үчүн болот. Ал эми кимдин хижраты дүнүйөгө жетүү үчүн же аялга үйлөнүү үчүн болсо, анда анын хижраты эмнеге болсо ошол үчүн хижрат кылган болот». Ал эми имам Бухаринин риваятында: «Чындыгында, иш-аракеттер ниеттерге жараша болот. Ар бир адам ниет кылганына жетет» - деп келет.*@

Умар ибн аль-Хаттаб (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: «Чындыгында, иш-аракеттер ниетке жараша болот. Ар бир адам ниет кылганына жетет. Кимдин хижраты Аллах жана Анын Элчиси үчүн болсо, анда анын хижраты Аллах жана Анын элчиси үчүн болот. Ал эми кимдин хижраты дүнүйөгө жетүү үчүн же аялга үйлөнүү үчүн болсо, анда анын хижраты эмнеге болсо ошол үчүн хижрат кылган болот». Ал эми имам Бухаринин риваятында: «Чындыгында, иш-аракеттер ниеттерге жараша болот. Ар бир адам ниет кылганына жетет» - деп келет.

[Сахих (ишенимдүү)] [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)]

الشرح

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бардык иш-аракеттерде ниеттер эске алынарын кабар берип жатат. Бул өкүм бардык ибадаттарда жана соода-сатыктарда жалпы болоору айтылды. Ошондуктан кимде-ким өз ишинде пайда көрүүнү ниет кылса, анда ал бул ниети менен пайдадан башка эч нерсеге жетпейт жана ага эч кандай сооп да болбойт. Ал эми кимде-ким өз иши менен Аллах Таалага жакындоого ниет кылса, анда ал иши жеп-ичүү сыяктуу катардагы иш болсо да, ал бул ниети менен соопко жана сыйлыкка жетет. Андан кийин, Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ниет менен амалдар сырткы сүрөтүнөн бирдей болгонуна карабастан ниеттин амалдарга тийгизген таасирин көрсөтүү үчүн мисал келтирди. Ошондуктан Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кимде-ким хижрат кылууга ниет кылып Раббисинин ыраазычылыгын көздөп мекенин таштап кеткен болсо, анда анын хижраты кабыл болгонун, Ислам шариятына дал келген хижрат экенин жана ниетинин чынчылдыгынан улам хижраттын сообуна да ээ болорун ачык айтты. Ал эми кимде-ким хижрат кылуу менен акча, кадыр-барк, соода же аял сыяктуу дүнүйөлүк пайданы ниет кылса, анда ал хижраттан ал ниет кылган пайдасына гана жетет жана ага сооптон үлүш болбойт.

فوائد الحديث

Иш-аракеттерди калыс Аллах үчүн аткарууга үндөө. Анткени Аллах Өзүнүн жүзү үчүн аткарылган иш-аракеттерден башкасын кабыл албайт.

Эгерде балакатка жеткен адам Аллах Таалага жакындата турган амалдарды адатынча аткарса, анда ал амалдары менен Аллахка жакындоого ниет кылмайынча ал үчүн сооп болбойт.

التصنيفات

Жүрөк амалдары