Аллах Таала такыба, бай, купуя пендени жакшы көрөт

Аллах Таала такыба, бай, купуя пендени жакшы көрөт

Саъд бин Абу ваккас (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мынтип айтканын уктум: "Аллах Таала такыба, бай, купуя пендени жакшы көрөт".

[Сахих (ишенимдүү)] [Муслим жазып калтырган.]

الشرح

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллах Таала кээ бир пенделерин жакшы көрөрүн кабарлаган. Ошолордун бири такыба пенде: Аллах Тааланын буйруктарын кынтыксыз аткарып, тыюуларынан дароо тыйылган адам. Аллах Таала байды жакшы көрөт: адамдардын колун карабаган, Аллахка гана таянган каниеттүү адам. Аллах Таала купуя пендени жакшы көрөт: кичи пейил, Раббисине ибадат кылган, пайдалуу иш менен алек болгон, анысын адамдар билүүсүн жана мактап сөз кылуусун каалабаган адам.

فوائد الحديث

Аллах Тааланын сүйүүсүнө татыктуу боло турган кээ бир сыпаттар: такыбалык, кичи пейилдик, Аллахтын бергенине ыраазы болуу ж.б. тууралуу баяндалган.

التصنيفات

Мактоого татыктуу ахлактар, Мактоого татыктуу ахлактар