إعدادات العرض
Чындыгында, Аллах бардык нерсеге жакшылык кылууну буйруган
Чындыгында, Аллах бардык нерсеге жакшылык кылууну буйруган
Абу Йъала Шаддад бин Аус (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: «Чындыгында, Аллах бардык нерсеге жакшылык кылууну буйруган. Ошондуктан өлтүрсөңөр, кыйнабай өлтүргүлө. Мууздасаңар, кыйнабай мууздагыла. Мууздаган адам бычагын курчутуп алсын, жандыктын жанын кыйнабай чыгарсын».
الترجمة
العربية Español አማርኛ English اردو Indonesia বাংলা Français Türkçe Русский Bosanski සිංහල हिन्दी 中文 فارسی Tiếng Việt Tagalog Kurdî Hausa Português മലയാളം తెలుగు Kiswahili தமிழ் မြန်မာ ไทย Deutsch پښتو অসমীয়া Shqip Nederlands ગુજરાતી नेपाली Lietuvių دری Српски тоҷикӣ Kinyarwanda Română Magyar Čeština Moore Malagasy Oromoo ಕನ್ನಡ Wolof Azərbaycan O‘zbek Українська ქართული Македонски ភាសាខ្មែរ Bambara ਪੰਜਾਬੀ मराठी Kirundi Kurmancî Bahasa Melayuالشرح
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллах Таала бизге бардык нерседе жакшылык кылууга буйруганын кабарлады. Жакшылык кылуу - бул ар дайым Аллахтын көзөмөлдөп туруусу, Ага ибадат кылуу, жакшылык кылуу жана макулуктарга зыян келтирүүдөн сактануу. Ошондой эле өлтүрүүдө да жана союуда да жакшылык кылуу. Касас өкүмүн тургузуп жаткан учурда да өлтүрүүдө жакшылык кылуу - бул өлүм жазасына тартылып жаткан адамды өлтүрүү үчүн эң оңой, эң жеңил жана тез жолду тандоо. Мал жандыкты союуда жакшылык кылуу – бул бычакты курчутуу менен малга жумшак мамиле кылуу. Малды каратып туруп анын алдында бычакты курчутпоо. Башка мал жандыктардын көз алдында мууздабоо.فوائد الحديث
Аллах Тааланын ырайымы жана Анын макулуктарына болгон боорукерлиги.
Өлтүрүүнүн жана союунун жакшылыгы – шарият көрсөткөн түрдө болуусу.
Шарияттын кемчиликсиздиги жана бардык жакшылыктарды камтышы. Мына ошол жакшылыктар жаныбарларга мээримдүүк кылууну жана аларга жумшак мамиле кылууну камтыйт.
Адамды өлтүргөндөн кийин денесин кескилөөгө тыюу салынат.
Жаныбарларды кыйнаган нерселердин бардыгына тыюу салынат.
